> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/19/suu-resurstary-kyzmatyna-zhany-direktor-daiyndaldy/
- Published: 2026-11-19T07:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T07:24:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Айыл чарба министринин орун басары – суу ресурстары кызматынын директору болуп Эмилбек Закиров дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.**

> Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Жаңы жетекчини Суу ресурстары кызматынын борбордук аппаратына министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу тааныштырды.

Буга чейин аталган кызматты Бактыбек Анаркулов аркалаган. Ал өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

> Эмилбек Закиров 1993-жылдын 27-январында Жалал-Абад шаарында туулган. Кесиби юрист, эмгек жолун Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан баштаган. Министрдин орун басары кызматына дайындалганга чейин КРнын Президентинин Администрациясында эксперт кызматын аркалап келген.

Министр тарабынан жаңы дайындалган директорго тармактагы көйгөйлөрдү ыкчам аралыкта чечүү жана Суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу тапшырмасы коюлду. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**