> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/20/ashkhabad-shaary/
- Published: 2026-11-20T04:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T04:25:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Ашхабад шарында Түркмөнстандын айыл чарба министри Чарыяр Четиев менен жолукту. Бул тууралу МинКабдан билдиришти.**

> Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташтыкты күчөтүүнү сүйлөштү. 

Өсүмдүк өстүрүү тармагында түркмөн тажрыйбасын колдонуу аркылуу кыргыз жеринде кургакчылыкка туруктуу жүзүм сортторун өнүктүрүү, күнөскана чарбаларын уюштуруу, мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча биргелешип изилдөө жүргүзүү сүйлөшүлдү. 

Ошондой эле, органикалык айыл чарбада — органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, органикалык продукцияны сертификациялоо жана экспорттоо, аларды кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо технологияларын жакшыртуу багытында кызматташуу каралды.

> Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүүдө — айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын катышуусунда эки тараптуу ишкер жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Акунбеков Кыргызстан жогорку сапаттагы түркмөн минералдык жер семирткичтерин өз ара пайдалуу шарттарда жана атаандаштыкка жөндөмдүү баада түз жеткирүүнү жолго коюу маселесине өзгөчө токтолду. 

> Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүгө, тажрыйба алмашууга жана конкреттүү биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу макулдашылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**