> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 4 жылда Кыргыз-Түркмөн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/20/ashkhabadda-kyrgyz-turkmon-komissiiasynyn-7-zhyiyny-boldu/
- Published: 2026-11-20T03:34:47.000Z
- Updated: 2026-11-20T03:34:47.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**19-ноябрда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 7-жыйыны болуп өттү.**

> МинКабдан билдиргендей, отурум министрлер кабинетинин орун басары Эрлист Акунбеков жана Түркмөнстандын Энергетика министри Аннагелди Сапаровдун жетекчилиги алдында болду. 

Анда тараптар жогорку деңгээлде буга чейин жетишилген макулдашууларды конкреттүү биргелешкен долбоорлор жана практикалык натыйжалар менен толуктап, алардын ырааттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролун белгилешти.

Өзгөчө соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Бул тармактарда эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн да баяндамалары угулуп, талкууланды. 

> 2021-2025-жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн. 

Ошол себептүү өз ара сооданы кеңейтүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгы айтылды. 

> Мында ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо, биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү жана ишкерлер үчүн эки тараптуу жолугушууларды уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибине транспорт, транзит жана логистика боюнча кызматташуу маселелери киргизилген. Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, транспорттук кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга мындай жыйындар мүмкүндүк берерин билдирди.

Ошондой эле, энергетика жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу келечектүү багыттар бар экенин айткан Эрлист Акунбеков, Кыргызстан Түркмөнстан менен мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ага байланыштуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик компаниялардын ортосунда түз жеткирүү келишимдерин түзүү сунушталды. 

Мындан тышкары, айыл чарба, азык түлүк коопсуздугу, маданий-гуманитардык, билим берүү жана илим, туризм багыттарында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери сүйлөшүлдү.

Өз кезегинде кыргыз-түркмөн комиссиясынын теңтөрагасы Аннагелди Сапаров жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча эки өлкөнүн көз караштары окшош экенин, кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон кызыгуусун белгиледи.

**Отурумдун соңунда Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 7-жыйынынын протоколуна, ошондой эле КРнын "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин мамлекеттик "Түркмөнэнерго" электр энергетика корпорациясынын ортосунда келишимге кол коюлду.*