> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд Арабия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/22/saud-arabiia-parlamentinin-toragasy-kyrgyzstanga-rasmii-sapar-menen-keldi/
- Published: 2026-11-22T04:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-22T04:09:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн Сауд Арабия Падышалыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) төрагасы Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.**

Ардактуу конокту "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров тосуп алышты.

> Маалыматка ылайык, расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинен КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушуу пландаштырылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/hd-1795312346705.jpeg)

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**