> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/23/kyrgyz-balyn-saud-arabiianyn-rynoguna-eksporttoo-maselesi-kotoruldu/
- Published: 2026-11-23T11:04:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T11:23:48.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**23-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Сауд Арабия Падышалыгынын Консультативдик кеңешинин (Аш-Шура Мажлисинин) төрагасы шейх доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх менен жолугушту.**

> Паралменттен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланганын билдирди. 

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери тууралуу сөз болду. 

> "Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө келерки жылы 35 жыл толот. Бул маанилүү датага карата алакаларыбызды дагы да кеңейтүүгө кызыкдарбыз", – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле ал парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, депутаттык достук топторунун ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

> Андан сырткары, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум түзүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү комитеттердин жана аппараттардын деңгээлинде тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө чакырды. 

Айрыкча мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана парламенттин ишин санариптештирүү жаатында кызматташуу маанилүү экенин жүйө келтирди.

> Жолугушууда **соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө** да өзгөчө көңүл бурулду.

Марлен Маматалиев эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканы менен ортодогу мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланыла электигин белгиледи. Бул багытта Кыргызстандын экологиялык жактан таза жана адал продукциясын, анын ичинде айыл чарба азыктарын жана балды Сауд Арабиясынын рыногуна экспорттоо маселесин көтөрдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/hd-1795429158853.jpeg)

Ошондой эле энергетика, тоо-кен өнөр жайы, туризм жана инфраструктура тармактарына саудиялык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Камбар-Ата-1 ГЭСи, "Ала-Тоо Резорт", "Асман-Сити" жана "Тамчы" атайын инвестициялык аймагы сыяктуу ири долбоорлорду атады.

Муну менен катар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү жана түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, кыргызстандык студенттердин Сауд Арабиясынын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туризмди жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/hd-1795429193416.jpeg)

Өз кезегинде Сауд Арабия Падышалыгынын Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы шейх доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх Кыргызстан Сауд Арабиянын бул чөлкөмдөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирип, байланыштарды бекемдөө жаатындагы артыкчылыктуу тармактарга токтолду.

Жолугушууга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Талайбек Масабиров, Болот Сагынаев, Алишер Козуев, Бактыбек Чойбеков жана Улукбек Узакбаев да катышты.