> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-дания соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/24/kyrgyz-daniia-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtygyn-keneituu-maselesi-karaldy/
- Published: 2026-11-24T05:13:25.000Z
- Updated: 2026-11-24T05:13:24.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**23-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Даниянын Кыргызстандагы элчиси, Даниянын ТИМинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Ларс Туэсендин Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.**

> ТИМ тараткан билдирүүгө караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-дания мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Анда жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу **соода-экономикалык кызматташтыкты** кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа бирлигинин алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**