> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/24/kyrgyzstan-menen-argentinanyn-uronchuluk-tarmagynda-tazhryiba-almashuusu-talkuulandy/
- Published: 2026-11-24T13:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T13:41:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**24-ноябрда айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Аргентинанын элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзгөчө мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, селекция жана үрөнчүлүк тармактарында тажрыйба алмашууга, тоют базасын өнүктүрүүгө, заманбап агротехнологияларды киргизүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө көңүл бурулду.

> Кыргыз тарап Аргентинанын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, инновациялык технологияларды колдонуу, айыл чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик мекемелеринин, илимий-изилдөө уюмдарынын жана ишканаларынын ортосунда кызматташтыкты жолго коюу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кыргыз-аргентиналык мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин ырасташты.