> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Орусия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулашты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/24/kyrgyzstan-menen-orusiia-energetika-tarmagyndagy-kyzmattashuunu-talkuulashty/
- Published: 2026-11-24T10:26:10.000Z
- Updated: 2026-11-24T10:31:12.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолукту.** 

> Жолугушууу Амангелдиевдин Орусияга болгон жумушчу сапарынын алкагында уюштурулганын МинКабдан билдиришти. 

Тараптар сүйлөшүүлөрдө кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, айрыкча энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташууну талкуулашты.

Данияр Амангелдиев кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Ошондой эле, ал кыргыз тараптын аныкталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн активдүү, биргелешкен күч-аракеттерге даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Александр Новак биргелешкен демилгелерди алга жылдырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандырууну макулдашты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**