> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө жыл аягына чейин 47 ишкананы ишке киргизүү мерчемделүүдө
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/24/olkodo-zhyl-aiagyna-cheiin-47-ishkanany-ishke-kirgizuu-merchemdeluudo/
- Published: 2026-11-24T03:41:38.000Z
- Updated: 2026-11-24T03:43:18.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Өлкөдө 2026-жылы 71 ишкана пайдаланууга берилди, жылдын аягына чейин дагы 47 ишкананы ишке киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.** 

> Өкмөт башчынын айтымында, бул жылы республикада **118** ишкананы пайдаланууга берүү пландаштырылган. 

Адылбек Касымалиев 2025-жылы өлкө боюнча **119** өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилгенин белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги жетишкендиктер, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары жана стратегиялык артыкчылыктар тууралуу айтты. 

Анын айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоого **26 млрд сом** бөлүнгөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүч **73 млрд 100 млн сомго** жеткен. Билим берүү тармагына 2026-жылы **96 млрд сом** каралган. 

> "2026-жылы **262** социалдык инфраструктура объектисин куруу жана пайдаланууга берүү пландаштырылган. 2027-жылы дагы **42** медициналык мекеме жана **107** мектеп курула баштайт. Заманбап автомобиль жолдору курулууда. Эгерде 2021-жылы болгону **175 км** жолдо асфальт төшөлгөн болсо, 2026-жылдын ноябрь айына карата бул көрсөткүч **1 883 кмди** түздү. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор аймактардын келбетин өзгөртүп, алардын туристтик потенциалын жогорулатууда. 2026-жылы Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны **12–13 миллион** адамга жетет деп күтүлүүдө", — деди ал.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**