> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айрым министрликтердин ишин 7де баштатуу сунушталды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/25/airym-ministrlikterdin-ishin-7de-bashtatuu-sunushtaldy/
- Published: 2026-11-25T05:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-25T05:44:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Саясат

**Айрым министрликтердин ишин саат 07:00дөн 16:00гө чейин кылыш керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында көтөрдү.**

Ал мындай чара Бишкектеги жол тыгынын азайтат деген пикирде. Эл өкүлү буга студенттердин окуу убактысын саат 10:00гө жылдыруу практикасын мисал кылды.

> "1000 жолу талкууласак дагы тыгын көйгөйү чечилбей келет. Айрым министрликтер ишин 7де баштап, кечки 4тө бүтүшсүн. Кызматкерлер үйлөрүнө барышып, үй-бүлөлүк иштерин бүтүрүшөт. Жакшы эле да, эмнеге болбосун? Тыгын кандай азаярын көрөбүз" — деди эл өкүлү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**