> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/25/bishkekte-kyrgyz-armian-kyzmattashtygy-talkuulandy/
- Published: 2026-11-25T08:22:18.000Z
- Updated: 2026-11-25T08:22:52.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Кыргызстандагы Армениянын элчиси Армен Гевондян менен жолугушуу өткөрдү. Бул боюнча 25-ноябрда министрликтен кабарлашты.** 

Жолугушууда эки өлкөнүн тармактык министрликтеринин ортосунда Ысык-Көлдү жана Севан көлүн сактоо максатында кызматташуу боюнча кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, экинчи "Бишкек +25" Глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө даярдык маселеси талкууланды. 

Кыргыз тарап уюштуруу иштеринин жүрүшүнө жараша маалымат алмашууну мындан ары да улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кыргыз-армян кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**