> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутат аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/25/deputat-aialdardyn-ekonomikalyk-mumkunchuluktorun-keneituu-maselesin-kotordu/
- Published: 2026-11-25T07:57:02.000Z
- Updated: 2026-11-25T07:57:01.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү.**

> Эл өкүлүнун айтымында, ал Кениянын Найроби шаарында өткөн ачарчылыкка жана жетишсиз тамактанууга каршы күрөшүү боюнча III глобалдык парламенттик саммитке катышып келген. 

Анда социалдык теңсиздикти азайтуу, чакан фермердик жана үй-бүлөлүк чарбаларды колдоо, ошондой эле аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын билдирди.

Буга байланыштуу депутат фермер аялдардын укуктарын коргоо жана аларга системалуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгына токтолду. 

Айрыкча социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга жеңилдетилген насыяларды алууда жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүнөн пайдаланууда артыкчылык берүү керектигин белгиледи.

Депутат Махабат Мавлянова фермер аялдарга жылдык 2-3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок аялдарга Кепилдик фонду аркылуу кепилдик берүү зарылдыгын айтты. 

Мындан тышкары эл өкүлү айыл чарба лизингин алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана анын фермер аялдар үчүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга чакырды.

Депутат айыл чарба тармагында аялдар үчүн бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү чакан фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө, социалдык теңсиздикти азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.