> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектептерди ачуу сунушу айтылды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/25/maiyptygy-bar-baldar-uchun-ataiyn-mektepterdi-achuu-sunushu-aityldy/
- Published: 2026-11-25T06:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-25T06:19:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Саясат

**Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн заманбап мамлекеттик мектептер салынышы керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров парламенттин бүгүнкү жыйынында көтөрдү.**

Ал муну этап менен ишке ашырып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жеткиликтүү кылууну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, муну менен 2 көйгөйлүү маселе чечилмек. Атап айтканда, майыптыгы бар балдар билим ала алышса, алардын ата-энелеринде иштөөгө убактысы пайда болмок.

> "Мындай мектептерде балдар билим гана албастан, өз ара баарлашууга, тамактанууга жана турмушка керектүү жөндөмдөргө ээ болушу керек. Ошондой эле мамлекет дефектологдорду, логопеддерди жана сурдопедагогдорду даярдоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл", - деди Абиров.

Депутат Министрлер кабинети менен Бишкек шаарынын мэриясына кайрылуу кылып, кийинки жылдын бюджетинен мектептерди салуу үчүн каражат бөлүү жагын караштырууга үндөдү.