> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Максат Байджигитов Чаткал районунун акими болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/25/maksat-baidzhigitov-chatkal-raionunun-akimi-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-11-25T03:06:50.000Z
- Updated: 2026-11-25T03:06:50.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими болуп Максат Байджигитов дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.** 

> Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге 19-ноябрда президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Жаңы акимди эмгек жамаатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу тааныштырды. 

Белгилей кетсек, ал бул кызматка дайындалганга чейин Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын аркалаган. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**