Бюджетти 7 млрд сомго толтурууга жардам берген салык кызматындагы санариптик долбоорлор
Салык кызматы салык жол-жоболорун санариптештирүү жаатында алгылыктуу иштерди жасады. Айта кетсек, 2020-жылы жай айында башталган «СМАРТ Салым» долбоору жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн. Фискализациялоо компоненттерин киргизүү – МСКнын техникалык тейлөөсүн оптималдаштырууга жардам берип, салык төлөөчүлөрдү заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылды.
Бул иш-чаралардын бардыгы кыска убакыттын ичинде экономиканын канча бир бөлүгүн көмүскөдөн чыгарууга мүмкүнчүлүк түздү. Өткөн жылдын июль айынан тартып, долбоорлордун башталыш этаптарында эле казынага 7 млрд сом түшкөн.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Кубаныч Шатемиров Economist.kg сайтына ал иштеп турган мезгилдерде ишке ашкан санариптештирүү долбоорлорунун жыйынтыктары тууралуу кенен айтып берди.
– Өткөн жылдан бери Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн жол-жоболорду оңойлоткон бир канча санариптештирүү долбоорлорду жасады. Кенерирээк ушул долбоорлор тууралуу айтып берсеңиз?
– Ооба, 2020-жылдын июль айынан тартып, салык процедураларын фискалдаштыруунун биринчи негизги компоненттерин баштаганбыз. Алардын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станцияларды автоматташтыруу, электрондук накладнойлор аркылуу сатылган товарлардын эсебин көбөйтүү, кассалык машиналар аркылуу сатылган товарлардын эсебин контролдоо долбоорлору ишке кирген эле жана андан сырткары товарды маркалоо долбоору да башталуу стадиясында турат.
Натыйжада, долбоорлордун баштапкы этабында эле конкреттүү жыйынтыктарга жетишкенбиз.
Салык жол-жоболорунун фискализацияга өтүүсүнүн негизи же салыктык башкарууну санарипке өткөрүү 2019-жылы эле каралган эле, бирок анда негизинен салык отчетторунун электрондук тапшырылуусуна өтүү жүргөн.
Бүгүнкү күндө Салык кызматынын сервистери жана түрдүү кызмат көрсөтүү боюнча салык төлөөчүлөр кабинетинин 250 миң колдонуучусу бар. Алардын ичинен 40 миң – бул юридикалык жактар, 210 миңден көбү – физикалык жактар жана 25 миңдей салык төлөөчүлөр – электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук салык отчетторун тапшырышат. Бул 25 миңдин арасында тышкы экономикалык иштин субъектилери болуп саналган НДС төлөөчүлөр да бар.
«Кыскача билдирүү»
Биз былтыртан бери даярданып келген эң маанилүү долбоорубуз – «Кыскача билдирүү» (Сводный пост) деп аталган автоматташтырылган маалымат системасы болчу. «Кыскача билдирүү» системасы жана электрондук коштомо кагаздар салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана «СМАРТ Салым» концепциясынын алкагында жүзөгө ашырылат. Бул автоматташтырылган жол-жобо ЕАЭС өлкөлөрүнөн товарларды импорттоодо бюрократияны азайтууга жана адам тийгизген факторлорду жок кылууга жардам берет.
«Электрондук эсеп-фактуралар»
Эсиңиздерде болсо керек, өткөн жылдын июль айында «Электрондук эсеп-фактуралар» системасы ишке кирген. Аябай татаал система болгондуктан, баарыбыз жүдөгөнбүз. Бирок ал эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында маалымат системасындагы болуп көрбөгөндөй эң ири долбоор болгон. Аябай чоң сандагы колдонуучулар бир убакта ошол маалымат системасына өтүшкөн. Система ишке киргендин биринчи күнү эле 3000 салык төлөөчү катталып, колдоно баштаган. Бүгүнкү күндө жалпысынан ал системаны НДС-төлөөчүлөрдү, тышкы экономика менен алектенген субъекттерди кошкондо 13 500 салык төлөөчү колдонот
Өткөн жылдын июль айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 600 млрд суммадан ашык 5 млн эсеп-фактура берилген.
Долбоор ишке киргендин биринчи 6 айында эле, пандемияга жана экономиканын төмөндөшүнө карабай, кыйыр салыктар боюнча НДСти чогултуу планы 2 млрд 730 млн сомго көп жыйналган.
Май куюучу жайлардын автоматташтырылышы
Өткөн жылдын июль айынан тартып, МКЖ автоматташтыруу долбоорлору башталган. Бүгүнкү күндө 975 май куюучу жайлар жаңы системага өтүштү. Нефтетрейдерлер 110 миңден ашык электрондук жүк кагаздарын чыгарышкан. Жыйынтыгында, долбоор ишке киргизилгенден тартып, оң динамиканы байкаганбыз. 1-июлдан тартып, ар бир айда МКЖдагы күйүүчү жана майлоочу майлардын сатылган көлөмү өсүп баратат. Бул июль айында көп МКЖлар комплекстерин жабдууга үлгүрө электигине карабай жакшы көрсөткүчтөрдү берди.
Сатылган мунай заттарынын жалпы көлөмү ай сайын өсүп, үстүбүздөгү жылдын башында КММдын сатылуусу 130%га өстү.
Албетте, бизде транспорт каражаттарынын да саны өсүүдө, бирок сандар көрсөткөндөй, бул тармактагы канча бир көлөмдөгү көмүскөдөгү экономика ачыкка чыкты деп айта алам.
ККМ-онлайн
Ошондой эле контролдогон кассалык машиналарды модернизациялоо иши да жүрүп жатат. Жаңы программалык кассалык машиналар же «виртуалдык ККМ» деп коебузбу, алар реестрге киргизилип, жаңы талаптар иштелип чыкты. Учурда ККМнын реестринде программалык чечимдер бар жана ушул жылдын аягына чейин ишке кире турган дагы 2 долбоор даярдалууда.
Рынок барган сайын жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып жатат, андыктан кымбат жабдык алып жүрбөй эле виртуалдык программа катары учеттук система бар болсо, аны компьютерге орнотуп же телефонго тиркеме жүктөп алып, жаңы ККМди колдонууга, чектерди ал жактан чыгарууга болот. Албетте, бул кассалык машиналарды колдонуу – бизнеске салык мыйзамдарын колдонуу боюнча милдеттенмелер ишкердиктин түйшүгүн азайтат. Эгерде ККМ аппараттары 12 миң сом турган болсо, аны азыр бекер колдонууга болот. Албетте, абоненттик төлөм калат, бирок ал кадимки аппараттык кассаларды колдонуу деңгээлинде эле кала бермекчи.
Бирок ККМны колдонууга шарт түзүп берүү башка, экинчи жагынан жөнөкөй жарандардын мыйзамдуу керектөө укуктары тепселенбеш үчүн, жарандык көзөмөлдөөнү күчөтүү да зарыл. Ошондуктан биз эл аралык практикаларды карап чыгып, «Альфа-Телеком» ЖАКму менен биргеликте «Элдик көзөмөл» (Народный контроль) долбоорун иштеп чыкканбыз. «MegaPay» деген тиркемеде чектерди сканерлеп, балл топтосо болот. Анда ай сайын ар кандай приздер ойнотулуп турчу. Жылдын аягында болсо Ысык-Көлдө квартира ойнотулган. Жыйынтыктарды карап чыгып, жарандар тараптан белгилүү бир аракеттер бар экенин байкаганбыз.
2020-жылдын мартынан ноябрь айына чейин эле 700 миңдей чек сканерлениптир. Мындай жумуштарды биз жасай берели деп чечкенбиз, канчалык жарандар колуна фискалдык чекти алган сайын, товар үчүн же кызмат үчүн төлөнгөн сумманын кайсы бир бөлүгү бюджетке салык катары кетээрин түшүнүшөт.
– Бул долбоорлордун баары көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгарууга жана бюджетти толтурууга кеттиби? Долбоорду санариптештирүүдөн бюджетке канча акча түштү?
– 2020-жылдын июль айынан бүгүнкү күнгө чейин, өткөн жылдын ушул мезгилдерине салыштырмалуу 4 млрд 658 млн сомго көп акча жыйналды. Жалпысынан натыйжалуулуктун коэффициенти менен эсептесек, долбоордун фискализациялоосун 7 млрд сомго бааласак болот.
– «Кыскача билдирме» долбоору салыктын жол-жоболорун фискализациялоодо эң башкы ролду ойноду. Бул долбоор ишке киргенден тартып кандай жыйынтыктарга жетиштиңиздер?
– «Кыскача билдирме» – бул товарлардын чек арадан өтүшүн эсепке алуу механизми. Бул автоматташтырылган системанын концепциясынын үстүндө иштөө мурдагы жылы эле башталган болчу, бирок өткөн жылы гана түздөн-түз маалымат системасын автоматташтыруу башталган. Бул жылдын башынан тартып катталган, 90 миң электрондук коштомо кагаздары катталган. Система маалыматты иштеп чыгууда эч бир ката кетирбеш үчүн 8 органдан интеграцияланат.
«Кыскача билдирме» системасы аркылуу 3 айда 60 млрд сомдон ашык суммадагы салык салынуучу товарлар катталган. Бирок алардын ичинде салык салынбаган жеткирүүлөр дагы бар. Эгерде өткөн жылдын биринчи кварталы менен салыштырып көрсөк, ЕАЭС өлкөлөрүнөн импорттолгон товарлардан НДС чогултуунун өсүшү 130%га жогорулап, болжол менен 1 млрд 150 млн сомду түзгөн.
– Фискалдык жол-жоболордун ачыктыгы жана натыйжалуулугуна эл аралык өнөктөштөр көп көңүл бурушту. Бул акыркы убакта болуп жаткан жакшы өзгөрүүлөр глобалдык масштабда мамлекеттин имиджин көтөрө алдыбы?
– Албетте. Автоматташтырылган системанын жана ички процесстерди санариптештирүү долбоорлорунун ишке ашырылышы байкалбай калбады, айрыкча, рейтинги бийик «Doing business» агенттиктери да көңүл бурду. 2020-жылы өлкөдөгү бизнес жүргүзүү эркиндигинин деңгээлине таасир этүүчү бир катар көрсөткүчтөргө баа берген акыркы изилдөө жүргүзүлгөн. Ал критерийлердин бири болуп – салык төлөө кызматындагы реформалар эсептелет.
Эл аралык өнөктөштөр биздин аракетибизге баа беришти, анткени салык реформасы жаатындагы көрсөткүчтөр 15,7%га өстү. Бул ушул рейтингдеги башка өлкөлөрдүн ичинен көрсөткүчтөрдүн эң бийиги болду жана биз туура багытта кетип баратабыз деп эсептейм.
– Бул долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттен канча каражат сарпталды?
– Өткөн жылдын июль айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин бюджеттен 30 млн сарпталды. Биз алган жыйынтыктар бюджеттен кеткен акчаны толук актады деп айта алам. Мындан аркы жана жакынкы 5 жылдагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн учурда салык кызматында 84 млн$ инвестиция тартуу максаты турат.
ПРООН, БДБ, Россия Федерациясы, Кытай жана башка өнөктөштөр менен долбоорлорду жүзөгө ашырууга жардам сунуш кылган сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Каражаттын көбү маалыматтарды иштеп чыгууга арналган борборду курууга кетет жана анын жардамы менен биздин системалар тез жана натыйжалуу иштейт.