Кыргызстандык ишкерлердин маселеси – натыйжасыз бизнес. КОӨФнун төрагасынын орун басары Олег Кудяков менен маек

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду алты жылдык ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын экономикасына дээрлик 400 миң $ инвестиция салган. Анын негизинде дээрлик алтымыштай ири өнөр жай ишканасы, кичи жана орто бизнес тармагында эки жүздөн ашык долбоорлор ишке кирген. Жалпысынан, каражаттын жарымы кичи жана орто бизнес жаатына сарпталган.

Бүгүнкү күндө КОӨФ кичи жана орто бизнеске түзмө-түз каржылоо берген бирден бир жалгыз фонд болгондуктан, КОБтеги кез келген маселелер тууралуу эң жакшы билет.

КОӨФнун төрагасынын орун басары Олег Кудяков Economist.kg сайтына маек берип, өлкөбүздөгү кичи жана орто бизнес башка өлкөлөрдөн эмнеси менен айырмаланаары туралуу да айтып берди. 

– Кичи жана орто бизнес – Кыргызстандын экономикасынын негизги бөлүгүн түзөт. Бул сектор пандемия жана локдаун мезгилинде канчалык жабыр тартты?

– КОБ – бул өткөн жана ушул жылдардагы кризистен эң көп жабыр тарткан экономиканын сектору болуп саналат. Чоң бизнес кризисти оңоюраак өтөт, анткени туруктуу бир резервдери бар, ал эми кичи жана орто бизнестин көп жабыркаганынын себеби кардарлары, чийки зат жеткирүүчүлөр менен байланышын жоготот. Эң чоң соккуну да ошолор алышат.   

Кыргызстандын КОБи дүң жана чекене соода жаатында жүрүп, алардын үлүшү жалпы соода жүгүртүүнүн 91%ын түзөт. Ошондой эле мейманкана кызматтары жана ресторан бизнесиндеги үлүшү да 90%ды түзөт. Биз байкагандай эле, бул пандемиядан эң көп жабыркаган тармактар болуп эсептелет.

– Бул Фонддун ишине кандай таасир этти жана КОӨФ карыз алуучуларды колдоо үчүн кандай чараларды көрдү?

 – Биз ишкерлер кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүчү чараларды иштеп чыгууга аракет кылдык. Карыз алуучулар үчүн үч антикризистик пакет иштеп чыктык. Анткени баары кризис учурунда кыйынчылыкка дуушар болушту. Дээрлик 75% насыялар ар кандай мезгилдерге жылдырылды. Бирок насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөгөндөр деле болду. Бирок кардарлардын басымдуу бөлүгү алардын продукциясына болгон суроо-талаптын төмөндөшүнө дуушар болушту. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгүнүн төлөмдөрү кийинкиге жылдырылды жана алардын көбү ушул жылдын экинчи жарымына чейин уланат, кээ бир долбоорлордуку болсо жылдын аягына чейин.

Фонд насыяны кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн түз кардарларына эле эмес, КОБ тармагындагы ишкерлердин төлөмдөрүн кийинкиге жылдыруу шарты менен коммерциялык банктарга да берди. Мындай чаралардын негизинде ишкерлер өндүрүштүк иш-аракеттерин улантып, бошотулган каражаттарын кайра соодага салууга мүмкүнчүлүк алышты. Бир катар компаниялар үчүн Фонд өндүрүштү же тейлөө үзгүлтүктөрүн болтурбоого багытталган жеке карызды реструктуризациялоону жүргүзгөн.      

Эгерде Фонддун өзүнүн жумушу тууралуу айта турган болсок, көптөгөн кардарлар негизги карыз боюнча төлөмдөрдү бербегенден улам сырттан келген акча агымы төмөндөдү. Бирок бул биздин финансылык туруктуулугубузга көп деле таасирин тийгизген жок, анткени биз сырттан каражат тартпай, негизинен өзүбүздүн капиталыбызды колдонобуз. Эгерде биз өзүбүз насыя алуучу болгонубузда кечиктирилген төлөмдөр чоң маселени жаратмак. Өзүбүздүн капиталыбызды колдонгондуктан, бул планда көп кыйынчылык жаралбады.

– Биздин өлкөбүздүн масштабында мындай кичи жана орто бизнестин көп болгондугу Кыргызстан үчүн жакшыбы же баары бир ири өнөр-жай өндүрүштөрүнө өтүш керекпи?

– Экономика министрлиги белгилегендей, 2019-жылга карата кичи жана орто бизнес өлкөнүн ИДӨнүн 40%ын түзөт. Байкалбаган, формалдуу эмес экономиканын 25%дан кем эмес бөлүгүн камтыйт. Бул көлөмдөрдүн баары кичи жана орто бизнеске тиешелүү экенин эске алсак, анда өндүрүлгөн продукциялар жана көрсөтүлгөн кызматтардын жарымы эле ушул жаатка тиешелүү болуп калат. Бул көрсөткүчтөр Кыргызстанды ЕАЭСна кирген өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жакындатып коет, европалык өлкөлөрдө да экономиканын дээрлик 50%ын КОБ түзөт. Россияда КОБтин экономикадагы үлүшү 20%, жыл сайын өлкө бийлиги аны көтөрүүгө алдына тапшырма коюп келет.

Бирок эске ала турган нерсе, европалык, россиялык, казакстандык жана кыргызстандык КОБтин масштабы өтө эле ар түрдүү. Кыргызстанда орто бизнес деп эсептелген Россияда микробизнес болуп саналат. Анткени Россияда кичи ишкердүүлүккө акча жүгүртүүсү 11 млн $га жеткен компанияны кошот. Тагыраак айтканда, жылдык акча айлантуусу 11 млн $ды түзсө кичи бинес, ал эми 1.8 млн $ды түзсө микроишкердүүлүк деп эсептелет.   

Кыргызстандын масштабында болсо, кичи бизнеске жылдык акча айлантуусу 40 миң $ды түзгөн компанияларды кошушат. Эгерде координаттардын россиялык шкаласы боюнча ишкердикти салыштыра турган болсок, анда Кыргызстанда микробизнес көбүрөөк өнүккөн деп айтууга болот.

– Анда кыргызстандагы бизнес кайсы тарапты карап багыт алыш керек? Кеңейтиш керекпи?

– Бардык эле кичи жана орто бизнес чоңоюш керек эмес. КОБте деле өзүнүн ордун таап, ийгиликтүү иштесе болот. Акча айлануунун өсүүсү, бизнестин чоңоюусу конкуренция сыяктуу өзүнө жараша тобокелчиликтерге алып келет жана ага баары эле даяр боло бербейт. Бирок ошол эле мезгилде кичи жана орто ишкердүүлүк бир технологияны, стандартты колдонуп, жалгыз тармактуу принциптер менен иштеш керек. Ошондо продукцияны агрегаттоо оңой болот жана КОБтеги ал товарды бардык өнөктөштөрүнө саткан, экспорттогон ири агрегат ишканалар пайда болот. 

Азыр Кыргызстанда эч бир технологиялык учурларды карабай эле, ар ким өзү көнүп калган эски ыкмалар менен иштеп жүрүшөт. Мисалга алсак, айыл-чарба тармагында дайыма эле жөнөкөй түшүм жыйноочу техникалар жетишпейт. Үрөн жыйнаш үчүн техниканы бир жерден экинчи жерге алыс аралыкка ташышат.

Мисалы, бизге польшалык алма өстүргөн ишкерлер келишти. Алардын түшүмү жергиликтүү биздин элдикинен 5-6 эсе көп экен. Алар технологияны, жыйноочу техниканы, кымбат жер семирткичтерди кошуп, аны комплекстүү бизнеске айландырып салышкан. Ошол үчүн аларда түшүм мол болуп жатат. Кыргызстанда болсо ансыз деле түшүм алуу жакшы, бирок туура колдонулбайт. Түшүм жыйноо башталганда болсо, аны сактоого жер жок болот же сактоо шарттары туура болбогондуктан, узак мөөнөткө турбайт. Ушул сыяктуу көптөгөн факторлордун негизинде түшүмдүн 40%ы жоголуп кетет. Башка өлкөлөрдө ашканын косметикалык каражаттарга кошуп, алардын уругуна чейин иштетишет. Кыскасы, бардык азыктын ар бир бөлүгү максаттуу колдонулуп, киреше алып келет. Бизде болсо, тилекке каршы таштандыга ыргытылып кетет.

– Демек, бул көбүрөөк ишкердүүлүктү туура жүргүзүү маселеси экен да?

– Ооба, эгерде айыл-чарба жөнүндө айта турган болсок, Кыргызстандын жаратылыш-климаттык шарттары жакшы, күн жакшы тиет, түшүм мол берет. ЕЭКнын көрсөткүчтөрүн алсак, буурчак өсүмдүктөрү, кант кызылчасын өстүрүү боюнча биздин өлкө ЕАЭСда лидердик позицияда турат. Бирок аларды өстүрүү маданиятында, түшүмдү жыйноо жана кайра иштетүүдө заманбап технологиялар колдонулбайт, өндүрүштө заманбап деңгээлге тиешелүү санариптик башкаруу жок. Натыйжада, Кыргызстанда бизнести туура жүргүзбөгөндүктөн, климаттык шарттары өтө начар өлкөлөргө да уттуруп коюп жатабыз.

Сиздин оюңуз боюнча, Кыргызстанда ишкерликти туура жүргүзүүгө эмне тоскоол болууда?

– Биринчиден, элдер көнүп калган эски ыкма менен эле иштей беришет, айрыкча, чийки затты сатууда анын өздүк наркына бираз эле коюп, баасын көтөрбөй сата беришет. Бул учурда башка өлкөдөн дистрибьюторлор келип, арзан сатып алышат да өлкөсүнө алпарып, иштеп чыгышат. Андан соң товардык көрүнүшкө келтирип, даяр продукцияны кымбат баада базарга алып чыгышат. 

Натыйжада, республиканын чакан жана орто бизнестеринде негизги орунду ээлеген өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгындагы көрсөткүчтөр жупуну бойдон калууда. Ушул пунктарга ылайык, өлкөнүн жалпы экспортунун 9,8%ын түзгөн агрегаттар (нарктык мааниде алганда 200 млн $дан бираз азыраак) КОБтин көлөмүнүн 40%ын түзөт. Негизинен бул жөн гана жыйналган түшүм же биринчи иштетүүнүн продукциясы. Булардан жасалган даяр экспортко кетчү тамак-аш азыктары болсо, жалпы экспорттун 2,9%ын гана түзөт.

Эгерде айыл чарба тууралуу сөз кыла турган болсок, биз багыт алгыбыз келип аткан рынок – башка атаандаш өлкөлөр менен эле толгон, алардын Россияда, Казакстанда жана башка жактарда өздөрүнүн соода үйлөрү, кампа жайлары бар. Аз өлчөмдөгү кыргызстандык айыл-чарба өнүмдөрүн мамлекеттин колдоосу болбой туруп, өндүрүштүн масштабын чоңойтпой туруп, бүт азыкты бир агрегацияга келтирбей туруп, рынокко алып чыгуу мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу продукциянын маркетингин жүргүзүүдөгү маселелер башка тармактарда дагы бар жана ал жерде конкуренция мындан дагы чоң.

Бул жерде инновациялык бизнестин артыкчылыгын көрө алган жана сабаттуу башкаруу процессин башкарууга жоопкерчилик алган замапбап көз караштагы ишкерлер жетишпей келет. Андан сырткары, мамлекеттин бизнести колдоосу жана өндүрүүгө керек болгон инфраструктуралар жетишпей келет.

Каржылоо маселесине келе турган болсок, банк системасы заманбап өндүрүүнү колдой алган белгилүү бир ресурстарга ээ. Коммерциялык банктардын жана биздин Фонддун эң башкы маселеси – сапаттуу долбоорлордун жок болгондугу. Каржылоонун жетиштүүлүгүнө карабастан, атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлордун санынын аздыгы себеп болууда.

Жакшы долбоорлор качан гана электр станциялары, суу тазалоочу жай сыяктуу бизнестин өнүгүүсүнө керектүү шарттар түзүлгөндө гана пайда болот. Анткени кайсы бир ишкана ишин баштаса, бул сыяктуу маселелерди чечүү кардарлардын мойнуна илинет. Бул дароо эле долбоордун баасынын көтөрүлүүсүнө себеп болот.

Эгерде даяр инфраструктура болсо, ага жараша кредиторлор да табылат, банктар деле долбоорго насыя бергенге даяр, алар үчүн курулуш-монтаж иштери адаттагыдай эле көрүнүш. Бирок курулуш, тазалоо иштери, энергетикалык инфраструктураларды куруу жумушу – кичи жана орто бизнес үчүн татаал, кымбат болот жана баары эле тартып кете алышпайт. Ошондой эле натыйжалуу иш жүргүзүүгө жана ресурстарды тартууга өтө көп кездешкен «боз зонадагы» ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тоскоол болууда.

– Сиз айткан сапаттуу бизнес-долбоорлор кандай болууга тийиш?  

– Биринчиден, сапаттуу бизнес-долбоор – бул ишкана тарабынан чыгарылган  базардагы күчтүү атаандаштыкка туруштук бере ала турган продукция. Тагыраак айтканда, базар экономикасында жашап жатканыбызды эске алсак, чыгарылган акыркы продукт бул же ал чөйрөдө атаандаштыкка канчалык жөндөмдүү боло алаарын көсөтүш керек. Ооба, учурда өлкөдө Россиядан, Белорусиядан, Казакстандан жана башка жактан келген импорт аябай эле көп, андыктан бизден өндүрүлгөн товардын наркы жана баасы бул тармакта ондогон жылдар бою иштеп келгендер менен, атүгүл иштеп жаткан жергиликтүү компаниялар менен канчалык тең келет түшүнүшүбүз керек.

Жадагалса, бул жерде насыянын баасы эмес, заманбап жабдыктардын, технологиянын, менеджменттин жана башка ресурстардын наркы сыяктуу факторлор башкы ролду ойноп кетет.

– Эгерде динамиканы карап көрсөк, акыркы жылдарда сиздерге түшүп жаткан бизнес-долбоорлордун сапаты өзгөрдүбү?

– Акыркы 6 жылда албетте, өзгөрдү. Жыл сайын долбоорлорду даярдоо динамикасы оң жака өсүп жатат деп айта алам. Биринчи жылы бизнесмендердин эч нерсеге деле негизделбеген каалоолорун карасак, азыр перспективдүү долбоорлор келип жатат. Биз ачкан Фонддун алкагында ишкерлерге долбоорлорду кантип даярдоону үйрөтүүчү жана аны жүзөгө ашырууда кеңеш берип, коштоп жүрүүчү консультанттарды алып, каржылап беребиз. Биз финансы эле эмес, техникалык-экономикалык жаатында, долбоордук-смета документацияларында жана долбоордун технологиялык экпертизасы тармактарында да колдоо көрсөтөбүз.