Кокустан келген мүмкүнчүлүктү кантип ийгиликтүү бизнеске айлантуу керек? Айдар Окенов Bilet.kg компаниясынын негизделиши жөнүндө
2003-жылы Айдар Океновдун үй-бүлөсүнө Новосибирск авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуу сунушу түшкөн. Ишкер бул мүмкүнчүлүктү компаниялар тобуна чейин өнүктүрө алды жана алардын бири учурдагы – Bilet.kg авиаагенттиги.
Азыр да адаттагыдай эле көп жылдык тажрыйбасында өйдө-ылдыйды басып өткөн атамекендик компаниялардын кантип түзүлгөнү жана өскөнү тууралуу сөз кылабыз.
Economist.kg сайтына берген маегинде Айдар Окенов кокустан келген мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо жана аларды ийгиликтүү бизнеске кантип айландыруу керектиги тууралуу айтып берди.
– Айтсаңыз, бизнесиңизди кантип баштап калдыңыз?
– 2003-жылы атама «Сибирь» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуу сунушу түшкөн, бирок ал ишмердиктен четтеп кеткендиктен, мен өзүм аны колго алдым. Башында жубайым экөөбүз чогуу иштечүбүз, ал кассада билет сатчу, мен аэропортто каттамдарды тейлөөгө катышчумун. Бир нече жыл бою мен түнкү рейстерди өз алдынча тейлеген режимде иштедим жана күндүз компанияны башкаруу менен алектендим. Ошентип жүруп, компания туруктуу өстү жана бүгүнкү күндө биздин компанияда 300гө жакын адам эмгектенет.
Бизнесмен эң алдыңкы тепкичтен баштап көтөрүлүш керек. Экинчи кабаттан бешинчи кабатка өтүп кетүү мүмкүн эмес, өнүгүүнүн бардык баскычтарынан өтүү керек. Эгерде бизнестин өнүгүү процессин авиация менен салыштырсак, анда – учуу эң кыйын мезгил.
Бир кездерде «Сибирь» компаниясы бул жердеги өкүлчүлүгүн жабууну чечти жана мага агенттик келишимди, башкача айтканда, өзүн-өзү каржылоочу мамилелерге өтүүнү сунуштады. Ошентип Bilet.kg компаниясы негизделди.
Компания менен таанышуу үчүн Новосибирскке барууга туура келди. Билетке акчам жок болчу, бирок негедир акча деле табылып калды. Мен ал жакка келгенде алар мага көлөмү боюнча бир нече куту болгон 5 миң бланктан турган отчетту карматышты. Мен бул жүк менен кайра Москва аркылуу учтум, ал жерде жалгыз болуп, бажыда көйгөйлөр жаралды, же акчам да жок. Акыр-аягы, баары ойдогудай болду, бирок бул менин эсимде калган жашоомдогу биринчи стресстик жагдайым болду.
Биринчи рейсибиз Бишкек – Новосибирск болгон, бирок компания негизги өнүгүүсүн Москва – Ош каттамы ачылгандан кийин алды. Биз жаңы рынокторго чыга баштадык, Ошто өкүлчүлүк ачтык жана бул аэропортто биринчи эл аралык каттамдарды киргиздик.
– Компания андан ары кантип өнүктү?
– 2013-жылы биз Дубай – Бишкек линиясы менен биздин рынокко кирген Flydubai менен кызматташууга кириштик. Биздин өнөктөштүгүбүз Россиянын 11 шаарында, ошондой эле Казакстанда кеңселердин ачылышына алып келди. Азыр Москвада Bilet.kg компаниясынын кеңсеси бар, биз дагы Flydubai компаниясынын башкы дистрибьютору катары иштейбиз жана Россиянын 10 облусуна учабыз.
– Бизнесте кантип өз ордуңду тапсаң болот?
– Керектүү жерде, керектүү убакта болуш керек. Жашообузда көп нерселер кокусунан болуп калат, ал жөнүндө жазылган «Кокусунан алданган» деген жакшы китеп бар. Көбүнчө адамдар бардык жыйынтыктарды өздөрүнө алышат, бирок кокустук маанилүү ролду ойнойт.
Bilet.kg «Сибирь» компаниясы бул жерде өкүлчүлүгүн жапкандыгы үчүн пайда болуп калган.
Мен жеке салымымды ийгилигимдин 20%ы гана деп баалайм. Кээ бир ишкерлер ишмердүүлүгүн жакшы баштап кетишип жана алардын колуна тийгендин баары алтынга айланат деп ойлошот – бул чоң көйгөйлөргө алып келе турган ката. Бизнесте бирде учасың, бирде түшөсүң, анын баарын көтөрө билиш керек.
Бизнесмендин тобокелдиктерден коркуу сезими сенек болуп калган, ошондуктан ал дайыма тобокелдүү чечимдерди кабыл алууга туура келет.
– 2009-жылы дал ошол дүйнөлүк кризис учурунда сиз Москвада кеңсе ачууну чечиптиптирсиз. Эмнеге?
– Авиация тармагы кризисти эң көп башынан өткөрөт, дүйнөдөгү ар кандай окуялар транспортко сөзсүз таасир этет. Мисалы, Эфиопиядагы учак кырсыгы 7373 MAX учактары менен Flydubaiдын бардык каттамдарынын жокко чыгарылышына жана бир катар кесепеттерге алып келди. Дагы бир мисал, азыр Россия Түркияга жолдомолорду жокко чыгарды, тиешелүүлүгүнө жараша, ал жакта баалар төмөндөдү жана бул бизге да таасирин тийгизүүдө. Ар түрдүү кризистерге даяр болуш керек, ошондо гана ал мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Биз дайыма көрүп жүргөндөй, эгерде бир нерсе аябай эле ишип баратса, ал сөзсүз жарылат да ал жерде кризис пайда болот, канча бир убакыт өткөндөн кийин баары өз ордуна кайтат.
Оор учурлардан өтүү үчүн сөзсүз резерв кармоо дисциплинасын үйрөнүш керек. Эгерде кирешенин 10%ын сактап жүрсөңүз, ал сизге кыйын учурда жөлөк болуп берет.
Ошондой эле мен кредиттерди дагы башка үйүлгөн бир балээ деп эсептейм. Кризис убагында эң көп карызы бар компаниялар жабылуу коркунучунда калышат. Мен принцип кармап, кредит албайм.
Карыз алуу – бул сиздин дисциплинаңыздын жок экендигинен, сизди банк гана дисциплинага түшүрө алаарынан кабар берет, анысы аз келгенсип, сиз ал үчүн пайыз катары өзүңүздүн эмгегиңизден төлөп бересиз.
Биз карантин убагында штат 120дан 90го түшкөнүнө карабай, командадагы эң күчтүү адистерибизди кармап кала алдык. Пандемияга чейин биз 35 миң билет сатчу болсок, азыр 20 миңдин тегерегинде сатабыз.
2009-жылы мунайдын баасы түшүп кеткендигине байланыштуу кризис болду жана Россиядагы экономикалык активдүүлүк түшүп кетти. Жүргүнчүлөрдүн агымы түшүп кетип, бизде да кредитке байланыштуу көйгөйлөр жаралды. 2012-жылы мен банктагы акыркы карызымды жаптым да, экинчи башка кредит алган жокмун.
– Кредитти бизнес баштоо үчүн алууга болобу?
– Бизнести минимум инвестиция менен башташ керек, качан гана продуктка суроо-талап көбөйгөндө ошондо кеңейтсе болот.
Эгерде адам өзүнүн жумушун сүйсө жана дайыма чеберчилигин жогорулатып турса, ийгилик сөзсүз келет. Бул жерде жөн гана сабыр керек.
– Биздин кыргызстандык рынок чет өлкөлүк рыноктон эмнеси менен айырмаланат?
– Россияда калктын саны көп, бул фактор чоң роль ойнойт, андан тышкары, калктын төлөө жөндөмдүүлүгү жогору. Өнүккөн өлкөлөрдө конкуренция да көп, бирок «Куликовский» кондитердик үйү жана биздин компания биздин ата-мекендик компаниялар деле эл аралык рынокко чыга алаарынын далили.
Кыргызстандагы саясий туруксуздук сыяктуу шарттар болгону менен баары бир АКШ же Европага караганда бул жерде ийгиликке жетүү оңой. Биздин өлкө эми өсүп келе жатат, андыктан мүмкүнчүлүктөр да толтура.
Биздин өлкөдө кез-кези менен бороондуу окуялар болуп турат, бирок алардын баары өтөт. Жөн гана алдыга карай кадам таштай бериш керек.
Бизнеске түзүлгөн шарттар тууралуу айта турган болсок, кирешеге коюлган 10%дык салык бул норма, коңшу өлкөлөрдө мындан жогору. Бирок салык азайса, бизнес тезирээк өнүкмөк, бул өз кезегинде жумуш орундарын түзөт болчу. Грузия мисалы, салыктарды азайтып, бизнестин өнүгүшүнө түрткү берди, натыйжада, бюджетке акча көп түшө баштады.
– Жаңы ишкердик менен алектенип баштаган бизнестерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Бизнесте, дегеле бардык жакта эле адептүүлүктү, акыйкаттыкты кармангыла деп кеңеш берээр элем. Бул нерселер кээ бирөөлөрдө генетикалык деңгээлде болсо, кээ бирөөлөр үчүн ойлонулган чечим. Бул нерсени башка адамдардан, өнөктөштөрдөн, жумушчулардан көрө билген сапатты иштеп чыгыш керек.
Кыйтырлык менен алдоо – бул кыска мөөнөттүү пайда берет. Негизи эле адам аты менен таанылат, эгерде атын булгап алса – эч ким аны менен кыматташууга барбайт.
Адептүүлүк, тартиптүүлүк – бул аябай эле пайдалуу, узак мөөнөттүү дивиденттерди берет.
Буга кошумча, бухгалтерия жаатында билим алгыла дээр элем, бизнесмен компаниясынын финансы бөлүмүндө эмнелер болуп атат билиш керек.
– Эмне үчүн компаниялардын баалуулугу болуш керек?
– Кээде команданын кээ бир мүчөлөрү менен кол үзүш керек болуп калганда, эмне үчүн мындай кырдаал жаралды деп ойлоном. Жыйынтыгында, ал адамдар менен баалуулуктарыбыз туура келбей калды деген чечимге келем.
Биздин биринчи баалуулугубуз – бул тартиптүүлүк. Мен жогоруда бул канчалык маанилүү экенин айтып өттүм.
Ошондой эле биз көйгөйлөрүбүз менен каталарыбызды жакшы көрөбүз, тагыраак айткан, жумушчуларды каталары үчүн жазалабайбыз, андан сабак алабыз.
Ар бир адам өзүнүн жашоосунда көйгөйлөргө туш келет. Кээде ушундай оор көйгөйдөн башыңды көтөрө албай калгандай болосуң. Бирок мен өзүңөрдүн катаңарды сүйгүлө, аны анализдегиле, кайталанбаш үчүн андан жыйынтык чыгаргыла деп айтам. Паника болуп, депрессияга кирип кетүүнүн кереги жок, тирүү кезде баарын оңдоого болот. Мисалы, бизде сабырсыздыкка карата сабырсыз жөнүндө жазылган, мисалы, бизде улутчулдук, башка улутка карата сабырсыздыкка жол берилбейт.
Андан сырткары, биздин команда процесс жыйынтыктан да маанилүү деген ойду карманышат. Биз натыйжага чуркабайбыз, өзүбүздүн чеберчилигибизди күчөтөбүз.
Ийгиликке чуркабаңыз, андан көрө бакытка умтулуңуз. Көпчүлүк учурда ийгиликтүү адамдар бактысыз болушат, ал эми бактылуу адамдар дайыма ийгиликтүү. Сонун машиналар, бизнес-класс сиздин багытыңыз болбош керек. Бакыт – бул адам жасап жаткан ишин сүйүп, процесске маани бериши. Ийгиликтин артынан кууган – бул жарыш, ал кээде күйгүзүп жибериши мүмкүн.