«Жылдык акча айлантуубуз 5 млрд сом». Бизнесин нөлдөн баштаган «Бай дыйкан» компаниясынын негиздөөчүсү Эрлист Акунбековдун баяны
Кыргызстандагы жер семирткичтердин дээрлик 80% «Бай Дыйкан» айыл чарбаны жана дыйкандарды колдоо борбору тарабынан алынып келинет. Бул компания өз кардарларын үрөн, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү ар кандай зыянкечтерден, оору жана отоо чөптөрдөн коргоо каражаттары менен камсыздайт. Ошондой эле, агродрон, мотодельтаплан сыяктуу жаңы технологияларды алып келип, айыл чарбасын заманбап каражаттар менен камсыздоого басым жасап келет.
Учурда ишкана Кыргызстандын ар бир районунда фермерлерди колдоо борборлорун ачуунун үстүндө активдүү иштеп жатат. Учурда 5 борбор эффективдүү иштөөдө. Бул демилгенин уникалдуулугу – дыйкан өзүнө керек болгон продукциянын бардык түрүн бир түйүндөн алып кетет.
«Адамзаттын алдындагы эң чоң көйгөй – ачарчылык, климаттын өзгөрүшү», – деген «Бай дыйкандын» негиздөөчүсү жана жетекчиси, КР агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча Ассоциациянын мүчөсү, жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр бирикмесинин төрагасы Эрлист Акунбеков Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы агросектор, бул тармактагы көйгөйлөр жана компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
«Бай дыйкан» борбору кантип түптөлдү, эмнеден баштадыңыз эле?
2007-жылдары «ЮниКредит Банкта» (азыркы «Оптима Банк») башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштечүмүн. Бир эле жумуш менен чектелбей, сүт алып сата койчумун, андан башка бирдик жүктөө түйүндөрүн ачып иштеттим. Ошол убакта DVD дисктер эл арасында көп көрүлө баштап, «Дордой» базарынан иштелбей турган павильондорду арендага алып, диск сата турган 16 түйүн ачтым. Андан кийин цемент менен чоңураак бизнес жасайын деген оюмду иш жүзүнө ашыра албай калдым. Анткени, ал рынокто Максим Бакиев сыяктуу чоң оюнчулар бар эле. Анан жер семирткич алып келе баштадым. Алгач, Казакстандан, Өзбекстандан сумкага эле салып келип, кийинчерээк кап менен ташый баштадым. Жер семирткичке болгон суроо-талап көбөйүп, вагон менен ташууга кириштик. Ошентип жүрүп, бул тармакты терең изилдедим.
Бул бизнес долбоорду Бишкекте баштадыңызбы?
Ооба, башында бир эле түйүн болчу. Бара-бара көбөйүп, Сокулук, Кара-Балта, Кемин, Кант, Токмок, Балыкчыга чейин ачтык. Анда «Бай-Дыйкан» деп атала элек болчу. Жогорудагы аталыш менен толук кандуу борбор катары 2018-жылы түзүлдүк. Дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатын коюп, агрономия боюнча акысыз кеңеш берип, лаборатория иштетип, товар жана кызмат көрсөтүүнү жакшырта баштадык.
Бул сиздин жеке бизнесиңизби же мамлекет, кандайдыр бир уюмдар тарабынан колдоо көрсөтүлдүбү?
Жок, мамлекеттен эч кандай жардам болгон жок. Өкмөттүн жеңилдетилген насыясын да алган жокпуз. Коммерциялык банктардан 26-27% менен кредит алып жаттык. Бүгүнкү күндө да коммерциялык банктардан ири компания катары 7-8% менен насыя алабыз. Эч кандай долбоор же эл аралык уюмдардан да жардам албадык. Иштин башы оор болот демекчи, жада калса, мурда өзүм иштеген банкка барып, 300 миң сом кредит сурасам, бербей коюшкан. Күрөөгө коё турган мүлкүм да жок эле. Анан айылдагы чоң атамдын үйүн күрөөгө коюп, 150 миң сом алып иштеткем.
Компанияңыз мурда бир эле багыт – жер семирткич ташуу менен алектенчү экен…
Ооба, ал учурдагы бизнес менен азыркы бизнестин айырмасы чоң. Учурда катардагы дыйкандын ишмердүүлүгүнө керек болгон бардык товар жана кызмат көрсөтүүлөр бар. Кийин атайын адис даярдоого көңүл буруп, жумушка орноштуруу шарты менен аларды окутуп, 40-50 миң сом айлык төлөп иштете баштадык. Биздин максат товар сатып коюу эле эмес – дыйкандардын жашоосун оңдоо. Биз аларга кайсы жер семирткич көбүрөөк керек болорун айтып, түшүндүрүп, жер-жерлерде акысыз семинарларды өткөрүп турабыз. Тажрыйбалуу агрономдор биздин социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбыз аркылуу окутуучу видеолорду жүктөп, керектүү маалымат менен бөлүшүп турушат.
Азыр дүйнөлүк кырдаал да оор болуп турган мезгил. Коронавирус, Украинадагы абалга кабатыр болуп турабыз. А негизинен адамзаттын алдындагы эң чоң көйгөй – ачарчылык, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу. Адис катары айтарым, айыл чарбасында көп маселе жаралчудай. Кургакчылык болуп баратат, азыр билинбей жатат, түшүмдүүлүк начарласа, ачарчылык коркунучу туулат. Ошондуктан, тармакка олуттуу көңүл буруу – мезгил талабы.
Расмий статистика боюнча өлкөдө 450 миң дыйкан чарбасы бар. Анын 413 миңи жер семирткич иштетет экен. Эгерде ушундай талап бар болсо, эмне үчүн Кыргызстан өзү жер семирткич иштеп чыгарбайт?
Негизинен жер семирткичтин чийки заты – жаратылыш газы болуп эсептелет. А бизде өндүрүлгөн газдын көлөмү анчалык чоң эмес. Кошуна мамлекеттерде Союз мезгилинен эле газ көп болгондуктан, химия иштетүү өнөр жай тармагы абдан өнүккөн, жадагалса Өзбекстанда бул тармак боюнча министрлик да бар.
Областтар жер семирткичтерди алуу, керектөө жагынан айырмаланышабы?
Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарында Россия менен Казакстандын жер семирткичтерин алышат, Өзбекстандыкын начар дешет. Өлкөбүздүн түштүк аймагында пахта, арпа, буудай, бакча өсүмдүктөрүнүн жер семирткичтери (коон, дарбыз) Өзбекстандан келет.
Түшүмдүүлүк жагынан кайсы аймак алдыда?
Бардык жерде бирдей. Союз мезгилинде 1га жерден аз дегенде 3.8 тонна буудай алынчу. Азыр 1.8 тонна гана өндүрүлөт. Бул биздин айыл чарба тармагы коллапска кабылды деген сөз. Кошуналарыбыз жаңы Батыш технологияларды колдонуп алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ, ал эми биз болсо Союздун көрсөткүчтөрүнөн өтө элекбиз, жада калса арттабыз.
Быйыл берилип жаткан насыялар сиздерге таасир этип жатабы?
Өкмөт берсе, элге жеңил болот. Элде болсо, бизге да жеңил болот. Бирок эми гана берилип баштады.
Сиздин ишканаңыз салыктын кандай түрлөрүн төлөйт, дегеле, жаңы салык кодекси бул тармакка кандай таасир этти?
Негизинен айыл чарбасы салыктын көп түрүнөн бошотулган. Киреше салыгын, пайда салыгын төлөйбүз. Биздин тармак мурдагыдай эле калган.
Жумушуңуздун эң оор жагы кайсы: товар алып келүү, чек арадан өткөрүү же дыйкандар менен иштөө?
Биздин эң чоң көйгөйүбүз – элдин аң-сезими. Мисалы, Россияда бир фермерлик чарба 30 миң га жери болсо, 30 миң тонна жер семирткич алат. 30 миң тоннаны Кыргызстанда сатам десең, 30 миң адамга барып, ар бирине түшүндүрүш керек. Бул деген өтө чоң маркетингдик чыгаша. Ишеним өтө төмөн.
Ага карабастан, дыйкандын маселесин чечкенге аракет кылабыз, ошондо эмгегиңдин кирешесин аласың. Экинчиден, дыйкан байыган сайын базарыбыз кеңейет. Дыйкан 2 жыл чыгым тартып калса, мигрант болуп Россияга кетип калат. Эми эсептей бериңиз, бир райондо 10 айыл өкмөтү болсо, 2 адамдан кете берсе, базарыбыз 200гө кыскарды деген кеп. Ошондуктан биздин максат – дыйканды байытуу. Дыйкан бай болсо, мигрант болуп кетпейт. Демек, биз мамлекеттин саясатын колдоп атканыбыздын белгиси.
Жер семирткичтерди түшүм алганга чейин карызга бересиздерби?
Дыйкандардын бул муктаждык жана талабын чечүү үчүн «Мөл булак» микрофинансылык уюму менен келишим түзгөнбүз. Ага ылайык, насыяны алар беришет. Мен жылына орто эсеп менен 40-50 млн доллардык жер семирткич алып келем, «Мөл-Булак» келген дыйканга 15 мүнөттүн ичинде насыя берет. Тилекке каршы, бизде андай мүмкүнчүлүк жок.
Сиздин компанияңызда техникалык колдоо көрсөтүү багыты бар экен. Аны кайсы жактан алып келесиздер?
Базарда жок, алдыңкы, бирок дыйкандын капчыгына туура келген эффективдүү агродрондорду Кытайдан алып келдик. Трактор менен 1 жарым саатта жасала турган жумушту биздин адистер саналуу мүнөттүн ичинде жер кыртышына зыян келтирбей, өсүмдүктүн өзүнө гана чачып беришет.
Сиздер чыгарып жаткан «Унимакс» жер семирткичи жөнүндө айтып берсеңиз.
Өндүрүштү да өз колубузга алууну чечтик. Бишкекте жайгашкан лабораторияда бул багытта азыр алты киши иштеп жатат. Баасы импорттолгон чет элдик товарларга салыштырмалуу арзан. Сапатына өзүбүз жооп беребиз. Биздин климаттык өзгөчөлүктү жакшы билген өзүбүздүн күчтүү адистер иштеп жатышат.
Алдыңкы жылдарга максаттарыңыз кандай?
«Бай-Дыйкандын» 4 негизги максатына токтолуп кетким келет. Алар:
- Дыйкандардын жемиштүү түшүм алуусуна жардам берүү;
- Текчелерибизди ата мекендик өндүрүшкө толтуруу;
- Дыйкандардын алган түшүмүн реализация кылууга жардам берүү;
- Тармакка ири инвестицияларды тартуу.
Натыйжада мамлекетибиздин экономикасын көтөрүү, ички, тышкы миграцияны токтотуу, өлкө ичинде өндүрүштү көбөйтүү үчүн ишканаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү.
Учурда канча адамды жумуш менен камсыз кылып жатасыздар?
Баарын санап отурса көп, долбоордун базасында иштегендер 300дөн ашат.
Канча акча менен баштап, жылдык акча айлантууңуз азыр канчага жетти?
Баштаганда нөл менен баштагам. Бүгүнкү күндө жылдык акча айлантуубуз 5 млрд сом.
Белгилей кетчү нерсе, учурда компаниябыз АКШ, Швейцария, Россия, Голландия, Франция, Түркия, Түштүк Кореянын белгилүү фирмалары менен тыгыз кызматташуунун негизинде КРнын аймагында колдонууга мүмкүн болгон өсүмдүктөрдүн гибрид сортторун да алып келет.