Азыркы миграциянын социалдык кесепеттерине биз он жылдан кийин дуушар болобуз — Economist.kg уюштурган тегерек столдогу пикирлер

22-декабрда Economist.kg басылмасы «Мигранттар. Кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар» темасы боюнча тегерек стол уюштурган. Катышуучулар мигранттардын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашып, Кыргызстан үчүн миграция жакшыбы же жаманбы деген суроо боюнча өз ойлорун айтышты.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө эмгек мигранты бар. 90 миң жаш баланын атасы же апасы мигрант катары башка өлкөдө иштейт, бул 3 млн мекендешибиздин — калктын дээрлик жарымынын тагдырына таасирин тийгизет. Ошондой эле күнүнө 24 адам миграцияга кетет, бул ар саатта бирден адам Кыргызстандан чет өлкөгө иштегени кетет дегенди билдирет.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин Ички дүң продуктусунун  35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт. Эмгек мигранттары акыркы он жылда Кыргызстанга дээрлик 23 млрд доллар жөнөтүшкөн. Ал эми 2022-жылдын жарым жылында 1.3 млрд доллар жөнөтүшкөн.

Мында Кыргызстан кандай жоготууларга, ал эми жарандар кандай көйгөйлөргө туш болууда, эксперттер жооп беришти.

Көйгөйлөр

Чет өлкөлөрдөгү алгачкы мигранттар акчаны кыймылсыз мүлк, унаа сатып алууга, тойлорду өткөрүүгө жумшашкан. Эми дагы изилдөө жүргүзүп, мигранттарга каражатты ишкерликти өнүктүрүүгө багыттоого үйрөтүү керек. Мындай пикирди Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.

«Мигранттарга бизнести өнүктүрүүгө каражатты кантип багыттоо керектигин үйрөтүү керек. Экономика министрлигине кайрылса болот, ал жерде даяр бизнес-долбоорлор бар», — деп баса белгиледи Алыбаев.

Ошондой эле анын айтымында, мигранттарга алар бара турган өлкөнүн тилин, эмгек боюнча мыйзамдарын, каада-салтын, маданиятын үйрөтүү керек. Бул ишти кыргызстандыктарды чет өлкөгө жөнөткөн ишке орноштуруу боюнча агенттиктер алып барышы керек. Алыбаев белгилегендей, мигранттар кетээр алдында бир нече саат маалымат угуп, даярдоо маеги жүргүзүлөт. Бирок бул абдан аз, ошондуктан келечекте бардык мигранттар атайын окуудан өтүшмөкчү.

Миграция боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман да чет өлкөгө чыгуунун алдында мигранттарды окутуу керек экенин белгиледи. Бирок алар убакытты текке кетирбөө үчүн дароо кетишет. Эксперт мигранттар техникалык билими же атайын билими жок жумуш таап жатканын айтты.

«Мигранттан truck эмне экенин (жүк ташуучу унаа) билесиңби деп сурасаң, «жок, билбейм» дейт. Мигранттарыбыз эртерээк өлкөдөн чыгып кеткенге шашылышат», — дейт Медер Рахман.

Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу максатында иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктер ассоциясынын президенти, «Акбарс консалт» бөлүмүнүн мүдүрү Шерболот Аскербек уулу мигранттардын жалпы саны 1 миллиондон ашык адам экенин белгиледи. Көпчүлүгү уюшулган түрдө мамлекеттик же жеке мекемелер аркылуу бардык шарттары, келишимдери менен кетип жатышат. Бирок өз алдынча кеткен жарандардын саны көбөйүүдө.

«Алар кандай шарттарга туш келип жаткандары белгисиз болуп жатат. Кээ бири жакшы акча таап келип жатышат, алданып калгандары да бар. Мисалы, Түркияны алсак, акыркы 8-9 жылдан бери уюштурулган кабыл алуу – мисалы жеке ишканалар же мамлекеттик органдар менен баргандар жана өз алдынча баргандардын санынын катышы — 50/50», — дейт Аскербек уулу.

Ден соолук маселеси боюнча айтсак – оңой жумуш жок, баары эле билишет, дейт эксперт. Медициналык камсыздоо, бардык шарты менен уюшулган кабыл алуу жүрүп, келишимдер менен жөнөтүлүп жатат. Бирок тилекке каршы, 1 миллиондон ашык кеткен жарандар көзөмөлсүз калып жатат.

Кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин төрайымы Назгүл Малабаева мигранттарга тил маселеси жок, виза алуу оңой өлкөлөр ыңгайлуу деп эсептейт. Ошондуктан, мисалы, Түркияга көп мигрант кетет.

«Европага миграция боюнча айтсам, азыр Венгрияга эшик ачылды. Көптөгөн венгер компаниялары биздин мигранттар андан ары агылып, кетип калышат деп чочулашат. Жеке ишке орноштуруу агенттиктерине чоң милдет жүктөлгөн. Бардык агенттиктер кетээрден мурун кесип боюнча багыт бериши керек. Мыйзамдуу иштеген агенттиктер аркылуу кеткен талапкерлердин баары мыйзамдарды бузбастан, тартиптүү жүрүшөт. Анткени агенттиктер программанын баш-аягына чейин толугу менен көзөмөлдөп, дайыма байланышта болушат», — дейт Малабаева.

Мыйзамсыз кеткендердин көбү кыйынчылыктарга туш болушат. Анан агенттиктерди, өкмөттү, башкаларды күнөөлөшөт. Малабаева ошондой эле бизде элчиликтер аз экенин белгиледи. Кыргызстанда Польшанын, Чехиянын элчилиги жок. Эл Казакстанга барууга аргасыз.

«Чехия, мисалы, бүтүндөй Борбор Азияга болгону 48 кишиге квота берет. Анан, албетте, анын көпчүлүк бөлүгү казакстандыктарга берилет. Көптөгөн кыргызстандыктар Латвия визасы менен барып, Венгриядан жумуш издешет. Ал Шенген аймагы болгону менен, бардык эрежелерди сакташ керек. Латвияга виза алдыңбы – Латвияда иштешиң керек. Сабатсыз жарандарыбыз көп, алар мыйзамдуу жол менен гана жүрө тургандай , виза алган мамлекетте гана иштей тургандай кылып, маалымат бериш керек».

Төмөн квалификациялуу жумушчулардын кетишинин негизги себеби катары Малабаева Чыгыш Европада англис тилин сөзсүз түрдө керек эместигин атады. Ал эми билимдүү адистерге дипломун барар өлкөдө мыйзамдаштырып, мамлекеттик тилин да билиши керек.

«Мисалы, бизде канча адам венгер тилин билет? Англис, немис тилин билгендер бар, бирок алар аз. Ошого карабастан, биздин жарандар тоок фермасы сыяктуу кир, кара жумушка алынбайт. Алар элибиздин арак ичпегендигин, эмгекчил экенин баалашат», — деди төрайым.
«Эгерде сандарды карасак, бизде мигранттардын эки түрү бар. Биринчи түрү биротоло кетишет, алар дүйнө жүзү боюнча 20%дан аз. Экинчиси — убактылуу кеткендер. Негизинен согуштун айынан же өмүргө коркунуч туулгандыктан биротоло кетүүгө аргасыз болушат. Кыргызстандан болсо амбициясынан улам биротоло кетишет. Негизинен бул 20га чыга элек жаштар», деп эсептейт KG Analytics интеллектуалдык фондунун талдоочусу Адилет Бейшенов.

Ошондой эле Бейшенов мигрант барган өлкө көбүрөөк утат деп эсептейт. Мигранттар жумушчу күчүн көбөйтөт. Мисалы, көп кыргызстандык аялдар бала багып иштегендиктен, ал өлкөнүн аялдарына эртерээк жумушка чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анын үстүнө мигранттар күнүмдүк жашоого акча коротуп, ошол эле өлкөнүн экономикасына калтырат. Ошондой эле мигранттар кээ бир продукцияларды арзандатат. Мисалы, кыргыздар менен тажиктер аз айлыкка иштегендиктен, Россияда кыймылсыз мүлктүн наркы арзаныраак чыгат.

Акыркы 10-15 жылда Кыргызстан «миграциялык ийнеден» көз каранды болуп алды. Мындай пикирди экономист Элдар Абакиров айтты. Мигранттар көп каражат агымын камсыздайт, бирок бул канча убакытка созулат деген суроого али жооп жок. Каражаттын дээрлик 95%ы Россиядан келет, демек, КР экономикасы орус экономикасына байланган.

«Кечээ рубль калчылдады эле, анын артынан сом ылдый түшө баштады. Ал эми Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, 87 млн долларды сатты», — деп белгиледи эксперт.

Ал Россиядагы мигранттардын бир бөлүгүн башка өлкөлөргө бөлүштүрүүнү туура деп эсептейт. Өлкө жумушчу күчүн канчалык эрте диверсификацияласа, ошончолук тезирээк пайда көрөт.

«Кыргызстанда эмгек рыногунун мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелген. Ушундай бойдон кала берсе, биз элди токтото албайбыз. КР эч кандай тоскоолдуктарды койбойт. Жалпысынан алганда, миграция эки тарапка тең пайдалуу процесс деп эсептелинет. Өлкө жаңы көндүмдөрү жана квалификациясы бар кадрлар кайтып келет, туулган жерине жана жамаатына салым кошот деп күтөт», — деп эсептейт БААУ Тянь-Шань аналитикалык борборунун долбоордук эксперти Татьяна Злобина.

Эксперттин айтымы боюнча Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын саны 2.4 млн адамды түзөт, алардын 40%ы туруктуу миграцияда.

«Россиянын ИИМ маалыматы боюнча өткөн жылы биздин жарандар 1 млн 100 миң жолу Россияга киришкен. Бул ар кандай сапарлардын жалпы саны. Бирок болжол менен 700 миң жараныбыз ишке орношуу максатында барышкан.

ЖКнын Миграция боюнча кеңешинин маалыматы боюнча, ошол 40% туруктуу мигранттардын 50 миңи биротоло кетишет. Миграция — бул пайдабы же зыянбы, биз так жыйынтыкка келе албайбыз. Келечекте кандай болот, чек арага жакын жайгашкан аймактардын калкына жана ошол жергиликтүү жамааттарга кандай таасир этет? Алар жумушка жарамдуу адамдардан ажырап, муундар ортосундагы байланыш үзүлүп, балдар ата-энесинин кароосу жок калууда», — дейт Злобина.

Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат. Кыргызстандагы мындай жаман тенденция тууралуу «Инсан Лейлек» коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Дербишева билдирди. Эксперт мигранттардын балдары ата-энесинин жолун жолдойт деп эсептейт.

«Балдар 9-класстан баштап техникалык билим алуусу маанилүү, кесиптик лицейлерди өнүктүрүү керек. Башка мамлекеттерде мындай тажрыйба бар. Ушундай жол менен ички эмгек рыногу толукталып, андан кийин гана алар өз жарандарын чет өлкөгө жумушка жөнөтүшөт», — дейт Дербишева.

Мындан тышкары, ал көптөгөн кыргызстандыктар башка өлкөлөрдөн жумуш таба албагандыктан же чет тилдерди билбегендиктен Россияда калууга аргасыз болуп жатканын белгиледи. Ошондуктан чет тилдерин окутууга басым жасоо зарыл.

Мигранттардын укуктарын биринчи кезекте консулдуктар коргошу керек. Элдин кызыкчылыгын ойлогон, жакшы иштеген кызматкерлер бар, бирок жалпысынан алганда иштегендери начар деп эсептейт юрист жана укук коргоочу Эржан Сулайман.

«Миграцияны ак-кара деп карай албайбыз. Биз аны токтото албайбыз. Терс жактары – бул жарандардын оор абалга, зордук-зомбулукка туш келиши, балдардын ата-энеси жок калышы. Ал эми оң жактары – жаштар барганда ал жактан дүйнө таанымы кеңейет, билими, жөндөмдөрү өсөт. Бизге ошол пайдалуу жактарын көбөйтүүнүн үстүнөн иштеш керек», — дейт юрист.

ЖК төрагасынын алдындагы Мигранттар кеңешинин катчылыгынын эксперти Улан Шамшиевдин айтымында, 175-токтомдун алкагында жумушчу топ түзүлүп, коңшу мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын киргизүүгө аракет жасалууда.

«Биз, мисалы, Филиппиндин тажрыйбасын толугу менен колдоно албайбыз. Алардын калкы өтө көп жана мамлекеттин саясатынын өзү жарандарын чет өлкөгө чыгарып, алардан акча которуу түрүндө дивиденд алуу. Анын үстүнө аларда англис тили биз үчүн орус тилиндей. Өзбекстандын тажрыйбасын ала албайбыз, анткени алардын ата мекендик өнөр жайы өзү кадрларды даярдоого шарт түзүп берет. Келечекте ал кадрлар ички рынокко канааттанбаса гана, башка өлкөлөргө кетиши мүмкүн. Бизде мындай система, өндүрүш тармагы жок. «Узавто» корпорациясы 10 миң жумуш ордун түзүп, 5.5 миңге жакын адисти окутат. Биз эгемендик алгандан бери кесиптик билим берүү тармагына 9-12 млн доллар төктүк. Алардын кайда кеткени чоң суроо», — дейт Шамшиев.

Эксперт ошондой эле Россиядагы мобилизация биздин экономика тышкы өзгөрүүлөргө өтө сезгич экенин көрсөтүп, Кыргызстан россиялык релоканттарды экономика үчүн колдоно албады деп эсептейт.

«Эгер Казакстандын экономикасы аларды сиңире аларын, жумуш орундарын түзө аларын көрсөтүп, Алматыда релоканттар үчүн бүтүндөй хаб түзүлүп, 250дөн ашык компанияны кабыл алса, Өзбекстан 150гө жакын компанияны кабыл алды. Кыргызстанга канча фирма көчүп келди? Салык да төлөбөгөн 679 санариптик көчмөн келди, алар чоң салым кошо алмак, бирок биз аларды такыр пайдалана алган жокпуз. Мындай нерселерди стратегияга киргизиш керек, азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Бүтүндөй мамлекеттик саясатты диверсификацияга багыттоонун кажети жок. Биздин милдет – глобалдык агымдарды колго алып, сапаттык өзгөрүүлөрдү киргизүү. Азырынча болсо учурдагы чыккан өрттөрдү гана өчүрүп жатабыз», — дейт Шамшиев.

Шамшиевдин айтымында, миграциянын социалдык кесепеттерине биз 10-15 жылдан кийин дуушар болобуз – пенсионерлерди, ВИЧке чалдыккандарды, маргинал болуп чоңойгон мигранттардын балдарын эмне кылууну ошондо чечебиз.

«Балдар кодексине убактылуу камкордук көрүүнү киргизүү боюнча канча сөз болду – киргизген жокпуз. Коңшулардын, чоң ата-чоң эненин колунда калган баланын укуктарын коргоого эң аз кепилдик бере албадык», — деп наалыды эксперт.

«Эл агартуу» бейөкмөт уюмунун юристи Эрнест Салиев Кыргыз Республикасында жумушчу күч ашыкча деп эсептейт.

«Миграция социалдык чыңалууну жеңилдетип, жакырчылыкты азайтат. Бирок алыскы келечекте бул мээнин агып кетишине, калкты жоготууга алып келет. Азыр мигранттардын кайтпай калуу тенденциясы байкалууда. Алар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин көнүп калган жашоо деңгээлинде жашабай турганын түшүнүшөт.

Кыргыздардын ассимиляцияга ийкемдүү экенин да белгилегим келет. Биз башка элге сиңе албаган кытай эмеспиз – дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда чайнатаундарды көрүп жатабыз. Кыргыздар, тилекке каршы, буга көбүрөөк дуушар болобуз. Кыргыздар өз тилин бат эле унутуп калышат. Маселен, чет жактагы досторумдун балдары тагдырын, келечегин Кыргызстан менен байланыштырбай калышкан», — дейт юрист.
«Мен айылда жашап жашап жаткандыктан, абалды көрүп турам. Бүгүнкү күндө ата-энелер балдарын миграцияга кетет деп, орус класска берип жатышат. Айыл-чарбасында айлык аз болгондуктан, баары кетип жатканын көрүп турам. Былтыр бизде трактористтер жетишсиз болду, чынында эле талаада иштегенге жумушчулар жетишпейт. Бардык айыл чарба кызматкерлери Москвага курьер болуп иштегени кетип калышты», — дейт Чүй обласындагы «Коомчулуктар интеграциясы» коомдук бирикмесинин консультант-юристи Айымжан Иманалиева.

Иманалиева да Кыргызстан жарандарын жоготуп жатат деп эсептейт. Ишке жарамдуу, билимдүүлөр кетип, чындыгында кайтып келбей, кандай жол менен болсо да ошол жакта жашап калууга аракет кылышат. Чет жактагы жогорку айлык акыларды, инфраструктураны, социалдык кепилдиктерди, жашоо шарттарын көргөндөн кийин Кыргызстанда жашагысы келбейт.

Багыттар

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Алмаз Алыбаев белгилегендей, 2022-жылы борбор Перс булуңунун бардык өлкөлөрүн (Оман, БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейн, Кувейт, Ирак жана Иран) толук колго алган. «Кеткенге бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин борбордо 1200 вакансия бар. 2 айдын ичинде 270 ке жакын адам Intermediate деңгээлиндеги англис тилин билген адамдар. Буларда карьералык өсүү каралган. Hyatt деген мейманканада мисалы, Катардабы, Омандабы, ишке орношкон адам кызматтан улам көтөрүлүп турат. Биздеги Хаятта иштегендер – Катардан, Омандан иштеп келген биздин жарандар, айлыктарын эл аралык деңгээлде алышат».

Алыбаев ошондой эле октябрь айында Германиянын иш менен камсыз кылуу агенттиги жана министрлик менен меморандумга кол коюлганын белгиледи. Учурда төрт багыт боюнча дипломдуу адистерди жайгаштыруу иштери жүрүп жатат:

  • IT-адистер (мамлекеттик университеттин диплому болушу керек);
  • медициналык сектордо;
  • туризм же мейманканалар тармагында;
  • курулуш секторуна.

Бардык адистер немисче В2 деңгээлинде билиши керек.

Ошондой эле Алыбаев борбор 4 миңден ашуун жаранды ишке орноштурду, ал эми жеке менчик агенттиктердин 9 айлык жыйынтыгы боюнча 6 миңдин тегерегиндеги адам ишке орношконун белгиледи.

Шерболот Аскербек уулу жогорку квалификациясы бар кадрларды жөнөтсөк болорун белгиледи. Мисалы, Кореядан бир канча жыл бою «бизге тил билген, жогорку билими бар профессионалдар керек» деп кайрылышат. Түз кабыл алуу жүргүзөт, 2-3 миң доллардык айлык сунушташат. Турцияга жылына 30 миң жаран кетет, мейманканаларда иштеп келишет.

Европага дипломдуу адистерди талап кылгандар да бар, кара жумушка алгандар да бар — өлкөгө жараша. Келишим түзүлүп, билет төлөнгөн учурда да барбай койгон учурлар да бар. Бул нерсени кичинеден баштап тарбиялап, чет өлкөгө чыкканда эле эмес, бардык жерде колдонуш керек, дейт Аскербек уулу.

Жумушка жөнөтүү процедурасы жөнөкөйлөтүп, эмгек визалары массалык түрдө бериле баштагандан бери эки айдын ичинде 200дөн ашык адам расмий түрдө Венгрияга кеткенин Назгүл Малабаева айтты.

«Чыгыш Европада айлык акы 560 евродон башталат жана эң көп дегенде 700 еврого чейин жетет. Мыйзамсыз иштеген агенттиктер Венгрияда 1000 евродон баштап маяна беребиз деп жарандарды азгырып жатышат. Андай айлыктар жок. Мындан тышкары, келишимдерде Венгрия мамлекети тарабынан бекитилген минималдуу эмгек акынын өлчөмү да көрсөтүлөт. Ушундай эле минималдуу айлыкты венгрлер өздөрү алышат. Мындан тышкары, жарандарыбызга бекер жатакана, жумушка ташуу жана түшкү тамак бекер берилет, бир тарапка авиабилеттер төлөнөт», — деди Малабаева.

Сунуштар

Мамлекет үчүн жумушчу күчүн сактап калуу эң башкы милдет, деп эсептейт Эльдар Абакиров. Эксперттин айтымында, мындай максатты мамлекеттик саясат аркылуу 15-20 жылдын ичинде ишке ашырууга болот.

«Бул инвестициялык саясаттан, менчикти коргоодон, адилеттүү сот системасы, жашыл компаниялар келип, олуттуу инвесторлор келип, жаңы жумуш орундары пайда болгондон башталат», — деди Абакиров.

Шерболот Аскербек уулу мигранттарга маалымат издегиле, текшергиле деген кеңешин берет.

«Башка өлкөлүк шылуундарга, бизде лицензиясы жок ишканаларга акча которуп, алданып, анан ИИМге арыз жазышат. Биз дайыма вакансиялар жарманкесин, семинарларды өткөрүп турабыз. Ар бир багыт боюнча кандай шарттар бар, кандай жарандар талап кылынат деп маалымат берип, болушунча иш алып барып жатабыз», — дейт ал.

Кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин төрайымы Назгүл Малабаева мамлекетке мыйзамсыз иштеген агенттиктерди жок кылууга жардам берүүнү сунуштайт.

«Азыр интернетте «Өзгөчө Кыргызстандын жарандары үчүн…» деген өңдүү жарнактар ​​көп чыгып жатат, социалдык тармактарда мындай жарнактарга чет элдик компаниялардын бюджети көбүрөөк болуп, адамдар илинип калышат. Биз бул мыйзамсыз мекемелерге чек коюшубуз керек».

Эрнест Салиев уюштурулган ишке тартуу алкагында мигранттар үчүн мамлекет тарабынан кредиттик линияларды түзүүнү сунуштайт.

«Дагы бир менин таң калганым — маалыматтардын так эместиги. Расмий маалыматтар боюнча 700 миң, расмий эмес маалыматтар боюнча – 1.2 миллион дейт. Кечиресиңер, бирок малды деле эсептей алат эмеспизби. Мигранттардын так санын кантип билбейсиңер? Атайын методика, статистиканы иштеп чыкса болот. Ошондо ишенимдүү, так сандар менен иштемекпиз», — дейт юрист.

Улан Шамшиев «миграция — бул азыр экономикалык аспект, биз аны жөнгө салуу үчүн экономикалык ыкмаларды колдонушубуз керек. Экономикалык феноменди социалдык көз караш менен караган жарабайт. Экономикалык ыкмаларды колдонуп, «тыйын менен жазаламайынча» процесстерди башкара албайбыз» деп эсептейт.

«Биз мигранттарга чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, башкаруучу жамааттарга инвестицияларды киргизүү үчүн жашыл коридорлорду ачышыбыз керек. Айылдык кеңештердин, айылдардын деңгээлинде алар агып кетүүдөн эң көп жабыр тартышат. Азыркы мигранттарды иш менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөттөн орун берүү керек деп ойлойм.

Биз аларга өз коомун экономикалык, маданий жактан колдоого, балдары окуган агроэкологиялык, спорттук, мектептеги иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мигранттарга алардын туулуп-өскөн коомчулугунда эмне болуп жатканы, кандай колдоо жана катышуу зарыл экендиги жөнүндө дайыма маалымат берип туруу зарыл. Аларды, мисалы, суу пайдалануучулар союзуна, жайыт пайдалануучулар союзуна киргизгиле.

Мигрант башка өлкөдө жүрсө дагы кыргыз коомунун бир бөлүгү болуп кала берет деген имиджин сактап калуу керек. Ошондо биздин эл башка жарандуулуктун пайдасына чечим чыгарбайт», — деп эсептейт эксперт Татьяна Злобина.

Медер Рахман мамлекет кызганбай, чочулабай, кээ бир кызматтарды жеке менчикке өткөрүп бериши керек деп эсептейт.

«Мисалы, консулдуктарга караганда диаспоралар элге алда канча жакыныраак. Эгерде ошолорго ишти бөлүп берсе, өзүнүн да колу бошомок, жарандарга да сөз тиймек эмес. Европага бара турган болсоң, элчилик эмес визалык борборлорго кайрылабыз. Алар документтерди даярдап, тескеп, элчиликке барашат.

А эмне үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн диаспораларга ишенбейбиз? Бул жерде кызгануу саясаты болушу мүмкүн. Коомдук уюмдарды, жарандык коомдорду түптөшүбүз керек. Азырынча болсо үстүртөн төбөсү көрүнгөн көйгөйлөрдү гана чечип, тереңдеги көйгөйлөр калып кетип жатат», — деди ал.