Грантты каяктан, кантип алса болот? — инвестиция боюнча консультант Азат Исраилов жооп берет

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кайсы жерде туулгансыз, билим алуу жолуңуз кайдан башталды, кантип Лондонго магистратурага окууга өтүп калдыңыз?

— Акыркы алты жылдан бери каражат тартуу боюнча эркин консультантмын. Ошол эле учурда connect4pro компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн биримин жана чакан үй-бүлөлүк кредиттик союздун жетекчисимин, ошондой эле келинчегим экөөбүздүн виза алууга жардам берген кичи компаниябыз бар. 2008-жылдан 2016-жылга чейин бир канча долбоорлорду башкардым, Healthprom деген эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болчумун. Үч чоң эл аралык долбоорлорду башкардым.

Өзүм Кара-Көл гидроэнергетиктердин шаарчасында туулганмын. Атам банк секторунда иштеп, жумушунан тез-тез которулуп тургандыктан, Таласка, Ошко, Бишкекке көчүп жашап жүрдүк. Учурда үйлөнгөнмүн, төрт балам бар. Биринчи жогорку билимимди Ош технологиялык университетинде алдым, андан соң Бишкекте билимимди уланткандан кийин Лондонго тил окуганы кеттим. Ал жакта англис тилди жакшы билбегендиктен башында идиш, пол жууп, туалет тазалаганга чейин баргам. Кийин Кыргызстанга келип, үйлөнүп, кайрадан Лондонго долбоор башкаруу боюнча толук стипендия менен магистратурага тапшырдым. Окуумду бүтүргөн соң мекениме кайтып келдим. Жогоруда айткандай Healthprom эл аралык уюмунун үч чоң долбоорлорун башкардым. Жалпысынан 20 долбоор менен иштедим, андан тышкары, элүүдөн ашык долбоорлорго жазуу, консультация берүү боюнча салымым бар.

Компанияңызда азыр канча адам иштейт?

— connect4pro деп компаниямды ачуу идеясы эл аралык уюмдарда акыркы жылдары келген, анткени тажрыйба топтоп, башкаларга жардам берүүгө кудуретим жетип калган учур эле. Лондондогу, башка өлкөлөрдөгү кесиптештерим грант алуу мүмкүнчүлүктөрү менен байма-бай бөлүшө беришчү. Ошолор текке кетпесин деп пандемияга чейин грант мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды чыгарып жүрдүк, карантин учурунда ишкерлер үйдө отуруп калышып, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн издей баштаганда эле интернеттен биз чыгып калчубуз. Ошентип биздин максаттуу аудиториябыз орто жана чакан ишканалар, стартаперлер экени аныкталып калды. Ошондуктан биздин маалыматтарыбыздын 70% ишкерлерге арналган грант, инвестиция сыяктуу мүмкүнчүлүктөр. Башка учурда болсо коммерциялык эмес уюмдар үчүн гранттар менен бөлүшөбүз. 2022-жылы Accelerate Prosperity демилгесинен инвестиция алып, команда түзгөнбүз. Азыр грант, каржылоо боюнча маалыматтарды бөлүшүп турабыз. Ошол эле учурда компаниялар менен инвесторлор бири-бирин тапкан аянтча түзүп берсек деген ниетибиз бар.

Биздин ишкерлердин көбү каржылоо алууда, бизнес-долбоор жазууда эмнеден кыйналышат?

— Бизге келгендер каржылоо боюнча маалыматтын жетишсиздигинен кыйналышат. Маалыматты тапса да көп түшүнүксүз суроолор болуп, аларга жооп бере алышпайт. Үчүнчүдөн бизнес-план, инвест-план, долбоорду жазганга билимдери жана убакыттары жетишсиз. Кошумча, долбоорлордун мөөнөтү бар эмеспи, ага да кээде чыгынбай жатып кечигип калышат. Акыркы убактарда ишкерлер консультанттарга акча төлөп, алардын кызматын колдонуу пайдалуу экенин түшүнө башташты.

— Дегеле сиздин оюңузча ишкерлердин эң көп кетирген катачылыктары кайсылар?

— Негизинен мен каталарды маанилүү жана техникалык деп экиге бөлөт элем. Маанилүүсү — бизнес планды жазганда идеяны байланыштырыш керек.

Инвестор ишкердин долбоорунун идеясынын өзгөчөлүгүнө, уникалдуулугуна, алып келчү инновацияларына маани берет. Инвестордун көзү менен караш керек: бул идеянын пайдасы барбы, пайда алып келе алабы деген суроолорго маани берүү зарыл. Дагы бир нерсе инвестор ишкердин көп учурда ошол тармактагы тажрыйбасын карайт. Андыктан тажрыйбаны көрсөтүү абдан маанилүү.

Дагы бир ката катары команданын жоктугун айтат элем, "өзүм эле кылып жатам, мен кыйынмын" дей берүү дароо эле инвестордун көзүнө көрүнөт. Командага кимдер кирет, алардын билими каралат, анда белгилүү, чыгаан адамдар болгон болсо, бул долбоорго кошумча плюс алып келет. Көпчүлүк учурда логиканын жоктугу да болот, мисалы, кардарлардын керектөөсүн жазышат, такыр башка максат коет, андан соң кандай жыйынтыктарга келерин айтышат. Ал эми иш-чара планына келгенде башка нерселер тууралуу айтып салышат жана акча маселесине келгенде туура эмес сумманы сурашат. Инвестор жергиликтүү коомчулукка кандай пайда алып келет, таасирине, пайдасына карайт. Инвест-план, бизнес-план жазганда кайсы этапта эмне болот, кайсы убакка жетип кирешеге чыгат, ошолорду так көрсөтүш керек. Техникалык каталары боюнча айта турган болсом, керектүү сандар жок, керектүү далилдер жок, акчасын туура эмес эсептеп коюшат. Каталар толтура, бирок негизинен ушуларды айтат элем.

— Акыркы 5 жылда кайсы тармакка чет элдик донорлордон каржылоо көп болгону байкалат? Социалдык долбоорлорго каржылоо көппү же бизнескеби?

— Акыркы беш жылда тенденция аябай эле жакшы, өзгөчө пандемиядан кийин бизнестерге — стартаптарга, микро-, орто жана ири ишканаларга инвестиция жакшы келе баштады.

Жеке байкоомдо 5 жыл мурда гранттар социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатына берилген болсо, акыркы беш жылда ошол азайып, бизнеске гранттарды берүү 15-20%га көбөйдү. Бул КР үчүн жакшы жетишкендик, себеби мурда 3-5% эле болчу.

Бирок гранддык каржылоонун 75-80% дагы деле коммерциялык эмес долбоорлорго берилип жатат. Анын ичинен социалдык ишкерликке, социалдык долбоорлорго, жашыл экономикага, жаңы инновациялык нерселерге, IT-тармагына жакшы эле каржылоо келип жатат. Акыркы жылдары бизнеске каржылоо көбөйүп жатканы менен социалдык долбоорлорду каржылоо жоголбойт, боло берет.

— Бир ишкер өндүрүш тармагы менен жаңы эле алектенип баштады дейли, ал каржылоо алууга муктаж жана кызыкдар. Ага кандай кеңеш берет элеңиз?

— Ишкер биринчи жылы кредит албаганга аракет кылыш керек. Мисалы, анын бизнеси хоббиден башталды дейли, ага жаккан нерсени өндүрүшкө киргизди. Биринчи кезекте туугандарын, досторуна чыгарган продуктту көрсөтүп, ошолорго анын канчалык керектүүлүгүн далилдеш керек. Ишкер өзү чыгарган нерсеге канчалык күйсө, анда ал башкаларды анын товарын алууга көндүрө алат.

Жаңы баштаган ишкерлерди каржылоону биринчи туугандарынан алууну сунуштайт элем. Эгер туугандарынан эч колдоо жок болсо, ал жергиликтүү бутуна турган ишкерлерге барыш керек. Узун бизнес план даярдоонун кереги жок, 2-3 баракка түшүнүктүү кылып жазып, чоң бизнесмендерге барсын. Он ишкерге эле эмес, 100 ишкерге барганга аракет кылыш керек. Анын токсон беши бербесе да, калганы колдоо көрсөтөт. Үчүнчүдөн ЖИА сыяктуу бизнес бирикмелерге мүчө болуш керек. Алардын иш чараларында тыныгуу убактарында өзүнө керектүү адамдар менен таанышып, өзүнүн сунуштарын айтыш керек. Өндүрүш жүрүп, инвесторго муктаж учурунда connect4pro аянтчабызга кайрылса болот.

— Ишкерлер гранттарды кайдан издеш керек?

Билген булактарын баарын карасын. Андан тышкары, биздин connect4pro дүйнө жүзүндөгү жүздөн ашык грант мүмкүнчүлүктөрдү берген булактардын маалыматтары менен бөлүшүп турат. Биз негизинен орусча жазабыз, анткени бизди коңшу өлкөнүн ишкерлери да окушат. Бирок бизге кыргызча эле кайрылышса болот. Биз грант берүүчүнүн өзүнө дагы шилтеме беребиз, бирок адатта ал англисче болот, бул учурда гуугл транслейт менен которуп түшүнүп алууга болот. Ошол эле учурда бизди телеграм менен фейсбуктан издесе да болот. Эгерде бул дагы жетишсиз болсо donors.kg сыяктуу сайттардан карашсын. Дагы бир башка гранттар региондорду өнүктүрүү фонддордон берилет, алардын көп учурда интернетте сайттары же баракчалары жок, аларга түз барып эле кайрылуу зарыл. Ал эми КРнын ичиндеги грант мүмкүнчүлүктөрүн берген жергиликтүү чоң "Кумтөр", "Альянс Алтын" сыяктуу компаниялар бар, бирок алар тиешелүү облустун чегинде берип келишет.

— Сиздин ишкерлерди грант алууга үйрөтүүчү китебиңиз дагы чыккан экен. Ошол тууралуу айтып берсеңиз.

— Ал долбоорлор менен иштеп, эркин консультант болуп жүргөндө адамдардын кайра-кайра берген суроолорунун, өткөн тренингдеримдин негизинде жазып чыкканмын. Бул гранттар боюнча кыска колдонмо болчу, былтыры АКШ элчилигинин жардамы менен кыргызча да чыгардым. Электорондук версиясы 1200 сомдон сатылууда, ичинде бир топ пайдалуу материалдар бар. Консультанттардын, донорлордун, инвесторлордун тизмелери бар. Анда эки грант алган, бириси социалдык, бириси бизнес тармагындагы долбоорлорду мисал катары киргизгенмин. Эгерде сиздер аркылуу келип, economist10 деген промокод көрсөтүшсө, мен 10% арзандатып берем.