Чек ара чырларынан кийин ишкерлер дагы деле кооптонуп турушат — Баткен ЖИА

Жеңилдетилген кредиттер Баткендин ишкерлерине жетпей жатат жана эки жолку чоң чек ара чырынан соң ишкерлер дагы деле кооптонуп турушат. Мындай маалыматты Баткен ЖИАнын жетекчиси Муратбек Газыев ИШКЕР MEDIA басылмасына берген маегинде билдирди. Ошондой эле ал облустагы ишкерлердин абалы жана учурда кайсы тармактарда өнүгүү байкалгандыгы тууралуу бир катар пикирлерин айтты.

Газыевдин айтымында, учурда Баткен ЖИАга мүчө болгон ишкерлердин саны 200гө жакындап калды. Ошондой эле Баткенде бизнестин кайсы түрү жакшы өнүгүп жатат деген сурообузга ал соода менен кафе-ресторандар тармагын белгиледи.

"Азыр эки багыт жакшы өнүгүп жатат, биринчиси, соода-сатык, анын ичинде тамак-аш, курулуш материалдары, канцтовар, жуучу каражаттар болсун, бул алдыга баратканы байкалат. Экинчиси, HoReCa тармагы өнүгүүдө, келген коноктор да көп болуп жатат. Кайсы жерге барсаң, мейманканаларда орундар жокко эсе. Ошондой эле кондитердик, тамак-аш жана тигүү цехтери көбөйгөнү байкалууда", — деди ал.

Газыев Баткенге берилген өзгөчө макам ишкерлерге таасирин бираз тийгизгени менен баары бир жеңилдетилген кредиттер жетишсиз болуп жатканын айтты.

"Чоң болбосо дагы жеңилдетилген салыктар киргизилген, кошумча 500 млн бөлүнүп жатпайбы, ошондон дагы пайдалангандар бар. Бирок эки жолку чек ара чырынан кийин дагы деле ишкерлер кооптонуп турушат. Ишкана курууда же кандайдыр бир чоң долбоорлорго киришкенден чочулап турушканы байкалат.
Ал эми арзандатылган пайыз менен кредиттер келип жатат, бирок алар толук кандуу жетпей жатканы да көйгөй болууда. Ишкерлер алып жатышат, бирок сумма аз келип жатабы, эмне болуп жатат, айтор, ишкерлерге толук жетпей жатат",— деди ал.

Баткен ЖИАнын жетекчиси мамлекеттик тиешелүү органдар менен ишкерлердин ортосунда көпүрө катары тегерек столдорду квартал сайын уюштуруп турарын да белгилеп өттү. Ошондой эле ал өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле эмгек рыногунда сапаттуу кадр жетишсиздиги бар экенин жана сырттан эмес, ички инвесторлор эле келип жатканын кошумчалады.

"Сырттан эмес, ички инвесторлор эле келип жатышат. Чакан ГЭС курган, башка курулуш тармагында ички инвесторлор эле бар. Сырттан келгендер дээрлик жокко эсе. Жогоруда айткандай, эң жакшы өнүгүп жаткан тармактар — бул соода-сатык, себеби, калктын суроо-талабы бар. Ошондой эле сервис тармагы, кафе-ресторандар өнүгүп жатат, анткени тойлор, мааракелер, иш-чаралар өтүп турат. Бирок бүт тармакта эле кесипкөй адистер жетишпей жатат", — деди Муратбек Газыев.