Тигүү тармагындагы ары татаал, ары кызык 17 жылдык узун жол — ишкер Зухра Кемелбекова менен маек

Жеңил өнөр жай тармагында 17 жылдан бери кийим тигүү өндүрүшү менен алектенип, жүздөгөн жарандарды жумуш менен камсыз кылып, тигүүчүлүккө да үйрөтүп, цех ачам дегендерге атайын консультацияларды берип келген, тигүү компаниясынын директору, "Легпром" ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Зухра Кемелбекова ИШКЕР MEDIA менен маектешип, бизнестеги ары татаал, ары кызыктуу жолу тууралуу айтып берди. 

Балалыктан келген талант жана 90-жылдардагы оор мезгил

— Мен энергетиктердин шаары болгон Кара-Көл шаарында төрөлдүм. Ал Советтер Союзу убагында көп улуттар жашаган шаар эле. Атам инженер, апам модельер-конструктор болуп, отельеде эмгектенчү. Burda журналынан карап аялдарга модалуу көйнөктөрдү тигип калчу. Үйдө тигүү машинасы болгондуктан, кичинемден эле өзүмө бир нерселерди тикким келе берчү. Ата-энем жок кезде көйнөк, юбка, кийинчерээк 7-класстарга келгенде пиджак тигип баштадым. Азыр мен бул сферага ошол кезде эле келсем керек деп ойлоп коем. Баары кокустан эмес, баары балалыгыбыздан башталат экен. Мектепти бүткөн соң Магнитогорск шаарындагы университетке филология бөлүмүнө окууга тапшырдым. 

Мугалимдик кесибимди канчалык сүйгөнүм менен кесибим боюнча иштей албадым, анткени 90-жылдардагы оор кездер башталган эле. Кээ бир күндөрү азык-түлүк жок болуп калган учурларда эмне менен гана алектенген жокмун. Таласка турмушка чыккан элем. Самсы, нан жасап саттым, аны сатуу үчүн алыскы мал базарга барар элем. Жамбылда айнек завод бар эле, ал жактан банкаларды алып келип, консервация жаап, базарда сатып жүрдүм. Акырында баары бир болбойт экенин түшүнүп, үй-бүлөмдү алып, мурда окуган Магнитогорск шаарына кеттим. Кетип жатканда телевизорумду, майда буюмдарымды, идиш аягымды, пардаларыма чейин саттым. Ошентип 200 доллар чогултуп, 150 долларына канцелярдык товар алып, 50 долларын жол кире кылдым. Бир-эки айдан кийин жолдошум менен уулумду чакырдым. Ал эми тогуз айдан кийин Бишкектен квартира алдык. Менин бизнестеги жашоом ошентип башталды. Эсимде, квартира алганда жолдошума "Биз эми шаардыкпыз, эми Кытайдыкын эмес, Түркиянын кийимдеринен кийинишибиз керек" деп айтып, Дордойго барганыбыз эсимде.

Мекенге кайтуу, ишкердикке кадамдар

— 27 жашымда Бишкектен, Магнитогорсктон квартира алдым. Ошентип Россияда окууда беш жыл, кийин тогуз жыл жашап калдым. Ал жакта да бизнесте жүрдүм. Билесизби, чет жерде жумушуң жакшы жүрүп жатса деле, баары сонун болсо деле, сен баары бир мекениңди сагына бересиң. Дайыма мекениңе кайтууну ойлоп турасың. Ошентип 2005-жылы Кыргызстанга кайттык. 

Россияда ич кийим сатчу элем, мен ал нишаны жакшы билгендиктен Дордойго ошол товар менен чыгууну ойлоп, бирок ага ылайык контейнер таппай койдум, анткени Дордой дагы "самопошив", балдар кийимдери деп бөлүнөт. Үй-бүлөмдү багыш керек болгондуктан, баары бир бул базарга чыгышым керек болуп, бир контейнер тапсам, ал катарда жалаң Кыргызстанда тигилген кийимдер сатылат экен. Ал контейнерди ижарага алдым да ар кимден кездеме, фурнитура кайда сатыларын сурап баштадым. Жүз киши иштеген аябай жакшы өндүрүштү таап, аларга буюртма берип, бир жыл бою алар менен иштешип жүрдүм.

Менин сатуу көлөмүм өсүп баштаганда өндүрүштүн жетекчиси мага тигүү баасын кымбаттатып койду. Жыйынтыгында, мен базар баасына тууралай албай калдым, тагыраак айтканда, менин продукциям өндүрүштөн эле кымбат чыга баштады. Бир жыл канча спецмашина, жөнөкөй эле стол кандай размерде болушу керектигин, стратегиясын байкап, блокнотума жазып жүрдүм. Ошентип бир жылдан соң 100 адам иштеген тигүү цехин ачтым. 

Ал кезде интернет деле жакшы эмес, маалымат ала алчу эмеспиз, жакшы технологду табыш аябай кыйын эле, дизайнерлер дээрлик жок эле. Өндүрүштүн жетекчиси катары кездемени, фурнитураларды өзүм алып келип, өзүм моделдерди иштеп чыгып, өзүм сатып жүрдүм. Бизнесимдеги жумуштарды бөлүшө алчу эмесмин. Чарчап баштаганда акча чогултуп, тестиль бизнесине өттүм. Түштүк Кореядан, Кытайдан, Түркиядан кездеме алып келе баштадым. Бирок ошол эле кезде менин өндүрүшүм дагы иштеп турду. Жыйынтыгында, 2015-жылы кризис убагында текстиль бизнесимди жабууга туура келди. Тигүү өндүрүшү меники экенин түшүнүп, өндүрүш менен катуу алектене баштадым. Жумуштарды бөлүштүргөндү үйрөндүм, курстарга катыштым, Малайзияга, Сингапурга дизайнерлердин курсуна окууга бардым. 

Өндүрүштүн кеңейиши менен келген кыйынчылыктар жана эл аралык көргөзмөлөр

— 2016-17-жылдары Бишкекте аябай көп тигүү фабрикалары ачыларына жана борбордо тигүүчүлөрдүн жетишсиз болоруна көзүм жете баштады. Ошол кырдаалды алдын ала көргөндүктөн Кара-Балтада 100 адамдык тигүү цехин, анын аркасынан эле 2018-жылы Александровкада өндүрүшүбүздү ачтык. 

Региондордо өндүрүш ачуу бизге аябай көп баш ооруну кошо алып келди. Квалификациялуу адистерди, ошол эле аткаруучу директорду, технологдорду, бычмачыларды табуу кыйын болуп жатты. Бул адистердин баарын Бишкектен чакырып, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө туура келди. Александровкада дүйнөлүк практикада тигүү өндүрүшүндө колдонулган конвейер системасын киргиздик. Бул үчүн биз Түркиядан адистерди чакырдык, алар келип бизди окутушту. 

2017-жылы мен жыгылып түшүп, омурткаларымдан жаракат алдым. Дээрлик бир жыл дарыландым. Негизинен мен аябай активдүүмүн, бирок төшөктө жатып калганда жашоом тууралуу ойлонуп, беш маал намаз окуп баштадым. Ошондо жакшы мусулман кийимдери жок экенин байкадым. 2020-жылы курбум Назира Айдарова менен дизайнердик линиядагы "Курбум" деген кийимдерибизди чыгара баштадык. Бул саркеч, этно стилде болуп, оронгон жаш аялдарга арналды. Биз коллекциябыз менен Маямиде, Италияда, Самаркандда өткөн көргөзмөлөргө катыштык. Андан тышкары, Астанада өткөн эл аралык көргөзмөдө 2-орунду алдык. Италиялыктар болсо биздин коллекциябыз аркылуу биздин өлкөбүздү сезишкенин айтышты. 

Билим менен бөлүшүү, кайрымдуулук фондун түзүү

— Бир жолу мени бир форумга спикер катары чакырышты. Мен өзүмдүн басып өткөн жолумду, тигүү өндүрүшүнө кантип келгеним тууралуу айтып бердим. Ал жерде көп спикерлер болгонуна карабастан мага аябай көп суроолор берилди. Спикерлердин кезегинде деле залда отурган жаш кыз-келиндер мага суроо берип жатышты. Ошондо менин билимим биздин жаштарга, тигүү өндүрүшүнө киргиси келгендер үчүн аябай керек экенин түшүндүм. Ошондо мен башкаларга өндүрүш ачууга жардам бере аларымды, аларга кеңеш берсем болорун ойлонуп, акыркы эки жылда аябай көп жеке консультацияларды өткөрдүм. Адамдарга өздөрүнүн жолун табууга жардамдаштым. Тигүү өндүрүшү, бизнести түзүү, аны кантип башкаруу керектиги тууралуу атайын курс ачтым. Ал курсту ар бир 2-3 ай сайын чыгарып, башкаларга жардам берип турабыз. 

2020-жылы пандемия убагында тигүү өндүрүшүнүн жетекчилери, элүүдөй ишкер биригип, "Нурлуу кайрымдуу кыздар" деген коомдук фондун ачтык, мен ал жерде фонддун президенти болдум. Кайрымдуулук боюнча аябай көп долбоордун үстүнөн иштедик. Майыптарга, карылар үйлөрүнө жардам берип келебиз жана биздин дагы масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга пландарыбыз бар. Азыр бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата чоң долбоорубуз даярдалууда. 

Эмнеге жеңил өнөр жай тармагына мындай суроо-талап көбөйдү? 

— Эмнеге жеңил өнөр жай тармагына мындай суроо-талап көбөйдү? Эгерде тарыхты карай турган болсок, Кыргызстанда 30 жыл бою бул тармак өтө баш-аламан өнүгүп келген. Мамлекет тарабынан деле чоң колдоо болбой, көңүл бурулган эмес. Андыктан швеялык цехтер деле эмгек шарттары, жумуш графиктери жок өз алдынча, ар ким бул бизнести түшүнгөнүнө жараша эле иштеп келишкен. 

Ковид убагында кырдаал өзгөрдү, Кытай жабылып, көп бизнеске таасирин тийгизди. Кошумча Кытайда энергетикалык кризис башталды, анткени Кытайга көмүр Австралиядан келет эле, ал жакта санкция болуп, алар көмүр берүүнү токтотушканда көп кытайлык текстиль, швея фабрикалары толук күчтө иштей албай калышты. Ушул кезде бул тармактагы эң чоң оюнчулар логистика жолго коюлган башка жолдорду карай башташты. Албетте, булар Кыргызстан менен Өзбекстан болду. Андыктан көп чоң оюнчулар биз тарапка көңүл буруп, жыйынтыгында, бизде азыр 2-3 жылдан бери бул тармакта бум болуп жатат. Чоң буюртмаларды бере башташты, ага жараша тигүүчүлөр, цехтер, адистердин жетишсиздиги башталды. Андан тышкары, жеңил өнөр жай тармагы өнүгүп баштаганын көрүп, мамлекет да көңүл бура баштады. 

Кээде биз экономикалык кырдаалга таасир бере албаган, мисалы, рублдын наркынын төмөндөп же доллардын көтөрүлүп кетиши сыяктуу кырдаалдар болот. Ал кезде кардарлар эсептеп, чыгымга дуушар болушса стресске кабылышат. Аутсорсто иштеген цехтер жумушун токтотушат. Ошондуктан швея өндүрүшүндө өзүңдүн соода маркаңды  илгерилетүү абдан маанилүү. Аутсорсингге/кардарга эле эмес, жок дегенде 50/50, 60/40 же 70/30 өзүңдүн брендиңди чыгарып туруу маанилүү. Ошондо мындай экономикалык кырдаалдарда өзүңдүн жумушчуларыңды туруктуу жумуш, айлык акы менен камсыз кылууга болот.  

Кытай кайрадан оюнга кирди

— Россия менен Украина кырдаалында, Россиянын санкция алдында калып, башка бренддердин кетип калышынын жыйынтыгында, Россия базарында орундар пайда болду. Ал орундарга азыр Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай күрөшүп жатат. Атаандаштык күчтүү. 

Азыркы кырдаал мындай: Кытайдын өндүрүшү кайрадан күчүнө кирип, логистиканы мыкты жолго коюп жатат. Кайрадан тез иштеп баштады. Ири кардарлар Өзбекстанга, Кытайга кете башташты. Доллар Россияда көтөрүлсө, бизде дагы көтөрүлөт, биз аябай эле алар менен экономикалык байланыштабыз.

Ошондуктан биз бул кырдаалда Россиянын базарын эле карай бербей, башка каналдарды дагы издешибиз керек. Европанын рыногуна чыгуу маселеси мамлекеттик деңгээлде каралыш керек. Мүмкүн, мамлекет биздин чет өлкөнүн рыногуна чыгууга, сатуунун башка каналдарын ачууга жардам берген кандайдыр бир департамент ачса жакшы болмок. Мисалы, рубль куласа деле биздин өндүрүш токтобой тургандай башка рыноктор керек. 

Талант бар, бирок каржы жок

— Эмне үчүн бул тармак бизде өнүгүп жатат деген суроого кайра келе турган болсок, бул биздин генетикадан деп дагы ойлойм. Анткени биздин чоң энелерибиз дайыма туш кийиз, шырдактарды кол менен тигип келген. Кол өнөрчүлүгүбүздөгү колдон жасалган кооз буюмдар биздин аялдардын чеберчилигин айгинелеп турат. Мен биздин дизайнерлерибизди карап, алар аябай таланттуу экенин, бирок аларга каржылык колдоо, илгерилетүү, маркетинг жетишпей жатканын байкайм.

Бул багытта жасалчу жумуштар аябай көп, бизде жогорку деңгээлдеги швея фабрикалары көп болушун аябай каалайт элем. Бизди бүт дүйнө тааныса дейм. Эгерде биз жеңил өнөр жайын чогуу көтөрсөк, бул индустриянын жарата турган ийгиликтери көп. Nike, Michael Kors, Dolce & Gabbana сыяктуу бренддер менен иштесек болот. Швея өндүрүшүнүн жетекчилери кайсы багытта өнүгүшү керектигин, башка рынокторго чыгуу керектигин түшүнүүсү зарыл. 

25-октябрда Тбилисиге форумга спикер катары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан чакырылдым. Ошол жерде логистика, документация, Европага чыгуу тууралуу айтам.