> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу
- URL: https://im.kg/biznes-maek/2026/11/17/penoplasttan-obraz-zharatkan-ishker-aiym-suiuktuu-ishindi-tapsan-charchoo-da-zhagymduu/
- Published: 2026-11-17T05:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T05:30:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес маек

**Бишкектеги Akira Plast чыгармачылык студиясынын негиздөөчүсү Кира Асанбекова бутафориялык буюмдарды, көлөмдүү жасалгаларды жана жарнамалык конструкцияларды жасоо менен алектенет. Ал жөнөкөй пенопласттан баштап, пластик, ПВХ, метал жана башка материалдарды колдонуп, кардарлардын идеяларын ишке ашырат. Анын максаты - Кыргызстанда бутафория өнөрүн өнүктүрүү менен катар, улуттук өзгөчөлүктөрдү дүйнөлүк чыгармачылык аянтчаларында таанытуу болуп саналат.**

### **Искусстводон - өндүрүшкө карай жол**

28 жаштагы Кира Асанбекованын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу кесип тандоосунан башталган. Ал алгач Тургунбай Садыков атындагы Улуттук **көркөм сүрөт колледжинде** билим алып, кийин **академияда** окуусун уланткан. Андан соң **конструктор-модельер адистигин** да өздөштүргөн.

Бир нече жыл өз **кесиби боюнча иштеп** көргөнү менен, бул тармак анын чыгармачылык мүнөзүнө туура келбегенин түшүнгөн сүрөтчү, “бутафория” дүйнөсүнө келип калганын айтат.

****Бутафория** \- бул театрда, кинодо, фотосессияларда же витриналарды жасалгалоодо чыныгы буюмдардын ордуна колдонулуучу жасалма (муляж) буюмдар.

> *“*Башында* “бутафория” деген эмне экенин деле *билчү эмесмин*. Бир жолу досторум менен жолугууга барганда, үч метрге жакын темир адамдын жана Халктын чоң фигураларын жасап жатышканын көрүп, таң калгам. Кийин *жолдошум аркылуу* бул тармак менен жакындан *тааныштым*”,* \- деп эскерет Кира.

**Алгач** усталардын жанында **жардамчы болуп** жүргөн Кира кийин скульптордон пенопластты кесүүнү үйрөнүп, сүрөт тартуу жөндөмүн да иште колдоно баштаган. Даяр буюмдардын сүрөтүн тартып, боёктор менен иш аткарып жүрүп, акырындап бүтүндөй **өндүрүш процессин өздөштүргөн**.

**Жолдошу Эркин** буга чейин **Россияда 5 жыл иштеп,** ал жактагы белгилүү декораторлор менен кызматташып келген. Ал **тажрыйбасын Кирага үйрөтүп,** пенопласттын мүмкүнчүлүктөрүн ачып берип, ушул чыгармачылык багытка карай жетелеген.

> *“Элдер *пенопластты* жөн гана курулуш материалы катары кабыл алышат. Бирок андан *каалаган нерсени жаратууга болот.* Жолдошум мага ушул мүмкүнчүлүктү көрсөттү. Өзүм да кызыгып кеттим. Эки жылдай *үйрөнүп, тажрыйба топтогондон кийин Akira Plast студиясын ачтым”,** \- дейт ишкер айым.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/860975105_18078831938543703_1993289250649061760_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/862266851_18078831716543703_7835252211846439055_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/893399824_18081368135543703_4581524989304834330_n-1.jpg)

Сүрөттөр - Кира Асанбекованын архивинен

### **Пенопласттан тартып ПВХга чейин**

[Akira Plast ](https://www.instagram.com/akiraplast?xtok=Y3Z0Y2ozdmYweWFx)студиясында ар кандай көлөмдөгү бутафориялык буюмдар, жарнамалык конструкциялар, майрамдык жасалгалар жана сырткы көрктөндүрүү элементтери даярдалат.

Негизги материалдардын бири - ****пенопласт**. Мындан тышкары, студия ****тактай, ПВХ, метал** жана башка материалдарды да колдонот. Ар бир буюмдун максатына жана жайгаштырыла турган жерине жараша материал тандалып алынат.

> *“Мына ушунун тетиктерин *кадимки газдын трубасынан* жасадык. Керек болсо, тактайдан да жасайбыз, *бир гана пенопласт эмес.* Буларды да форекстерден кесип ар бир деталин жасап чыгабыз. Ар бир материалдын *өзүнүн краскасы болот*. Мисалы фасадный деген эшикке коюлса, ага “автолак” деген автокраскаларды колдонобуз, анткени аба ырайына туруктуу болушу керек”* – дейт, Кира кезектеги жасап жаткан буйрутмасын көргөзүп.

Киранын айтымында, буюмду жасоодо материалды кесүү, формасын чыгаруу, деталдарын бириктирүү, боёо жана акыркы жасалгалоо сыяктуу **бир нече этаптан** өтүүгө туура келет. Ошондуктан сыртынан жөнөкөй көрүнгөн буюмдун артында бир топ **колдун эмгеги** жана **убакыт** бар.

> *“*Көпчүлүк* даяр буюмду көргөндө эле *оңой жасалгандай кабыл алат*. Бирок анын канча этаптан өтөрүн, канча убакыт кетерин биле беришпейт. Биз ар бир заказга өзгөчө көңүл бурабыз. *Кичинекей заказ болсо да,* сапаттуу материал колдонуп, аны дагы кантип жакшыраак кылса болот, деп кошумча *ойлонобуз.* Эптеп жасап өткөрүп берүү деген бизде жок”,* \- деп белгиледи ишкер айым.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/866484005_18079282664543703_4711266127445290311_n--1-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/5467410870536183338.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/851078854_18077887634543703_4497389093011528323_n.jpg)

### **Кардар калаада эле эмес, аймактарда**

Студиянын кардарларынын арасында кафе-ресторандар, эс алуу жайлары жана ар кандай иш-чараларды уюштуруучулар бар. Буйрутма берүү Бишкек менен эле чектелбейт. Киранын айтымында, Ош жана Баткен облустарына да буюмдарды жасап жөнөтүшөт.

Ош шаарында ****Датканын образын** чагылдырган жасалга жөнөтүлгөн. Ысык-Көлдөгү ****эс алуу жайлары** жана ****кафелер үчүн** да жасалгалар көп ****даярдалат.** Анын бири Сары-Ойдогу имараттардын биринин чатырында Кира баштаган чеберлердин эмгегине таандык ажыдаардын чоң фигурасын көрүүгө болот.

> “*Шрек деген мультиктеги токоч, аябай популярдуу бизде. Көп сурашат. *Жаңы жылга* карата бизге *көп заказ келет*. Бишкектеги “Северное сияние”, “домик Санты”, мурдагы жылы жана былтыр өткөн Кой-таштагы “Северное сияниени дагы биз жасаганбыз. Жаны жылда шаарды айланган Кока-Коланын фурасындагы 2 чоң кока кола бар го, ошону да биз жасаганбыз. Биздин жумуштар негизи көп эле”* – дейт белгилүү иштерин тизмектеген Кира.

Алардын эмгегин кардарлар социалдык тармактардагы жарнамадан тышкары, ооздон-оозго тараган сунуштар аркылуу угуп-билип, кайрыла беришет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/857660479_18080536631543703_3276942407622195868_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/883254024_18081015287543703_7677831090301793774_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/861650055_18080220377543703_8187739355569926847_n.jpg)

Сүрөттөр - Кира Асанбекованын архивинен

Киранын айтымында, бутафориялык продукцияны өндүрүүнүн **наркы** \- берилген **буйрутманын көлөмү, мөөнөтү** жана **сапатына жараша** аныкталат.

> *“Тигил же бул нерсени жасоонун *баасы* \- канча материал, кандай түрдөгү материал колдонооруна, жасалгалоонун оордугуна жараша жана анын ичиндеги өзүбүздүн убакыттын баасы менен эсептелет. *Кичине* же *чоңбу айырмасы жок*, ушул өзгөчөлүктөр эске алынып, анан баасы чыгат. Мисалы *400 сомдон* баштап *10 миң $ чейин* болушу мүмкүн”*, – дейт Кира. 

### **Киранын кыялы**

Ишкер айым **бутафорияны** жөн гана жарнамалык жасалгалоо эмес, өз алдынча көркөм өнөр катары **өнүктүрүүнү каалайт**. Анын айтымында, пенопласттан жасалган буюмдар жеңил болгондуктан, аларды ташуу жана орнотуу да ыңгайлуу.

> *“Классикалык материалдардан жасалган скульптуралар оор болот. Ал эми пенопласттан чоң көлөмдөгү буюмдарды жасап, жеңил ташууга болот. Келечекте *элдин түшүнө да кирбеген образдарды* жаратып, *көргөзмө ачсак* дейбиз. АКШнын белгилүү *Burning Man* фестивалына, чоң *кыргыз калпагынын фигурасын* жасап барып, *Кыргызстанды таанытуу* \- менин кыялдарымдын бири болуп саналат,”-* дейт Кира.

Мындан сырткары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде **өзгөчө көргөзмө** уюштуруп, **бутафориянын кереметин** элге тартуулагысы келээрин да билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/883300346_18080687750543703_7296587982235120949_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/878534630_18080687732543703_243795559002952545_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/857105858_18078242492543703_2127637194251672624_n-1.jpg)

Сүрөттөр - Кира Асанбекованын архивинен

###   **Бутафориянын түйшүгү жана жыргалы**

Киранын сөзүнө караганда, **иштин оорчулугу деле жок**. Кээде гана ири көлөмдөгү буюмдарды ташуу жана орнотуу кыйынчылык жаратышы мүкүн. Мындай учурда студиянын жамааты өзү окуган окуу жайдагы жаштарга жардамга кайрылышат. **Калган учурдун баары** Киранын айтымында, күч-кубат жана бакыт берет.

> *“Жашоодо *эң маанилүү* нерселердин бири - *өзүң сүйгөн ишти табуу* деп көп укчумун. Мурда бул сөз мага алыстай сезилчү. Азыр өзүм ошол жашоону сүрүп жатып, анын *маанисин так түшүндүм*. Жумушумду аябай жакшы көрөм. Кээде *жумуш аркылуу эс алам.* Чарчап калсам да, ал жагымдуу чарчоо болуп сезилет”,* \- дейт Кира сүйүктүү иши тууралуу айтып жатып.

Кира Асанбекова үчүн ****Akira Plast** \- жөн гана буюм жасаган өнөркана эмес, идеялар ишке ашкан чыгармачылыктын мейкиндиги. Ал эми анын башкы максаты - ар бир буюмду сапаттуу жасоо менен катар, Кыргызстанда бутафорияны өзүнчө өнөр катары таанытуу. Ишкер айымдын айтымында, чоң кыялдар да бир идеядан жана аны ишке ашырууга болгон аракеттен башталат.