> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындык ишкер жигит: "Кореядан жумушум боюнча тажрыйба алмашып келдим" (маек)
- URL: https://im.kg/biznes-maek/2026/11/18/naryndyk-ishker-zhigit-koreiadan-zhumushum-boiuncha-tazhryiba-almashyp-keldim/
- Published: 2026-11-18T04:40:42.000Z
- Updated: 2026-11-18T04:41:57.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Бизнес маек

**Ишкер медиа сайты аймактагы ишкерлердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Нарын шаарынын тургуну Эржан Төлөбек уулунун ишкерлиги, алдыга койгон пландары тууралуу сөз кылабыз.** 

> Эржан Төлөбек уулу Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында 1995-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Бишкектеги Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында тери иштетүү жаатында билим алган. Андан кийин Нарын мамлекеттик университетинин көркөм өнөр бөлүмүндө билимин улантып, 2021-жылы аяктаган. Үй-бүлөлүү.   

— **Эржан мырза, ишкерлик жүргүзүп келгенинизге канча убакыт болду? Кандай буюмдарды жасайсыз?**

> Булгаарыдан көркөм буюмдарды жасоо менен алектенип келе жатканыма 6 жылга жакындап калды. Негизинен нукура булгаарыдан **көөкөр, дүрбү кап**, **улуттук сувенирлер** жана **автордук** **көркөм буюмдарды** жасайм.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/b7081855-c3da-4ab0-83b0-b382f461e8d2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/2dc870b5-7760-4681-9e62-b9b4f4993228.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/30a08711-fa1f-4b02-86d1-5282d037462b.jpeg)

— **Сиз жасаган буюмдардын баалары кандай? Эң кымбаты канча сом турат?**

> Буюмдардын баасы көлөмүнө, иштин татаалдыгына жана жумшалган эмгекке жараша болот. Мисалы, көөкөрлөрдүн баасы 20 миң сомдун тегерегинде. Ар бир буюм кол эмгеги менен жасалгандыктан, баасы да ошого жараша аныкталат.

— **Керектүү материалдарды кайдан аласыз? Чет мамлекеттен дагы келеби?**

> Негизги материалыбыз болгон булгаарыны жергиликтүү базарлардан жана өндүрүүчүлөрдөн алабыз. Айрым керектүү фурнитуралар жана шаймандар чет өлкөдөн келет.

— **Сиз жасаган буюмдар кайсы аймакта көп сатылат? Чет өлкөгө дагы экспорт кыласызбы?**

> Негизинен Кыргызстан боюнча кардарларым бар. Чет өлкөлүк коноктор да кызыгып, буюмдарыбызды сатып алышат. Келечекте экспортту кеңейтүү максатым бар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/65bed246-3646-444c-a5a7-5a3645c7ea34.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6d3405ce-266c-4326-abd6-5d58e4907b91.jpeg)

****Ишкер жасаган буюмдар: 1-сүрөттө ээр-токум, 2-сүрөттө мырзалар үчүн кур.** 

— **Учурда мамлекеттен ишкер катары кандай колдоо алып жатасыз? Дагы кандай колдоо болсо дейт элеңиз?**

> Азырынча ишимди негизинен өз күчүм жана мүмкүнчүлүгүм менен жүргүзүп келем. 

Ишкердин айтымында, мамлекет тарабынан колдоо катары Түштүк Кореяга барып, кол өнөрчүлүк жана маданий мурастар боюнча тажрыйба алмашып келген.

> Бул сапар мен үчүн чоң тажрыйба болду. Ал жактан алган билимдеримди өз ишимде колдонуп, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүүгө аракет кылып жатам. Буюрса, мындан ары да кол өнөрчүлөргө эл аралык тажрыйба алмашуу болот. 

Ошондой эле ал мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар, жабдуулар менен камсыздоо жана чакан өндүрүштөргө колдоо көрсөтүлсө деген оюн ортого салды. 

> "Анткени кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү — улуттук мурасты сактоо деген сөз", - дейт ал.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/b12d9eb7-24e3-4d86-9b0f-518da47ff366-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/2f5eb5dd-ca10-4e72-80b5-065415bb5f90.jpeg)

****Ишкер Түштүк Кореяда кол өнөрчүлүк боюнча тажрыйба алмашып келген.** 

— **Буга чейин өнөрканаңызды кеңейтүү, керектүү фурнитураларды өндүрүү максатыңыз бар экенин айткан экенсиз. Ишке аштыбы?**

> Бул багыттагы максатым дагы деле бар. Азырынча өз мүмкүнчүлүгүмө жараша иштеп жатам. Келечекте устакананы кеңейтип, керектүү тетиктерди өзүбүз өндүрүп, толук кандуу чакан өндүрүшкө айландырууну көздөйм.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6d59c8bc-905e-46ec-9056-3a249b9a522a.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/9112118a-ef65-4764-813a-f634cb630da5.jpeg)

****Ишкер быйыл VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын Мадания программасына катышкан.** 

— **Бир күндө устаканаңызда канча убакыт өткөрөсүз?**

> Көбүнчө күнүмдүн негизги бөлүгүн устаканада өткөрөм. Кээде бир буюмду жасоого бир нече күн, ал тургай жумалап убакыт кетет. Анткени ар бир буюмга өзгөчө көңүл буруу керек.

Ишкер устакана жана кол өнөрчүлүк боюнча этно дүкөн ачуу максатында быйыл дүкөндүн курулушун баштаганын белгиледи. 

0:00 

/0:31 

1× 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**