> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайсы бизнес ЕАЭБ ичинде бажы жеңилдиктерин ала алат?
- URL: https://im.kg/biznes/2022/10/03/kajsy-biznes-eaeb-ichinde-bazhy-zhe-ildikterin-ala-alat/
- Published: 2022-10-03T17:15:33.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:45:28.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Бизнес, #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 3-октябрда, Инвестициялык агенттик Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кайсыл ишкерлерге бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана тарифтик преференцияларды төлөөдө жеңилдиктерди ала аларын билдирди.**

Белгиленгендей, Инвестициялык агенттик ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында «Инвестициялык долбоорлордун реестрин» түзгөн, ага төмөнкүлөр кирет:

- инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшү;
- жеңил өнөр жай;
- тамак-аш өнөр жайы;
- энергетика;
- айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү;
- чогултуу өндүрүшү;
- туризм;
- экспортко багытталган өндүрүш;
- тармактар, байланыш жана коммутация системалары;
- жол транспорту жана жол куруу;
- банктык жана төлөм иши;
- саламаттыкты сактоо (медициналык техника, анын ичинде анын тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн, ошондой эле медициналык буюмдар);
- аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учактар).

> Ишкердиктин бул түрлөрү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге **технологиялык жабдууларды**, ага тетиктерди жана запастык бөлүктөрдү, мүчө мамлекеттин аймагында гана пайдалануу үчүн ташылып келинүүчү **сырьё жана материалдарды** ташып келүү үчүн бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат.

Бүгүнкү күндө «Инвестициялык долбоорлордун реестринде» долбоорлору ишке ашыруу стадиясында жана ишке киргизүүнү пландаштырып жаткан **80 компания бар**. Инвестициялык агенттик реестрге киргизүү үчүн арыздарды кабыл алууну улантууда.

Кызыккандар төмөнкү телефондор боюнча кайрылса болот: +996 (312) 300 238, +996 (702) 022 320.