> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз
- URL: https://im.kg/biznes/2022/11/25/kyrgyzstandyn-biznesi-bjudzhetke-29-mlrd-somdon-ashyk-karyz/
- Published: 2022-11-25T15:58:53.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:59:15.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Бизнес, #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2.7 миңден ашык ишкана жана жеке ишкерлер мамлекетке карыз. Жалпысынан алар бюджетке 29 млрд сомдон ашык салык жана 1.5 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшкөн эмес.**

Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы барлар боюнча маалымат берди. Тизмеге **2753 ишкана жана жеке ишкерлер** кирген. Карызкорлордун басымдуу бөлүгү Бишкектин Биринчи Май (677 карызкор), Ленин (622 карызкор) жана Свердлов (538 карызкор) райондорунда катталган.

> Бизнестин Кыргызстандын бюджетине салык боюнча жалпы карызы **29 млрд сомдон** ашкан. Ошондой эле карызкорлор камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча **1.5 млрд сомдон** ашык сумманы төлөй элек.

Салык кызматы бул карыздар 2022-жылы эле пайда болдубу же көп жылдардан бери салык жана жыйымдарды төлөбөй келгендиктен чогулганбы, тактап айткан жок.

Салык боюнча өлкөдөгү эң ири карызкорлор булар:

- Чүй облусунун Сокулук районундагы «Лаллана Трейд» ЖЧКсы. Компания 3.2 млрд сомдон ашык салыктык карызын төлөй элек.
- Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургуну Кутманбек Шамурзаев салыктар боюнча 1.8 млрд сомдон ашык карыз.
- «ИНТЕРРУСТРЕЙД» компаниясынын Бишкектеги филиалы 1.5 млрд сомдон ашык салык төлөй элек.
- Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашаган жеке ишкер Уфуэр Айсыкаэр казынага дээрлик 1.3 млрд сом карыз.
- Бишкек шаарынын ошол эле Свердлов районунда катталышкан Нурзат Жалалов жана жеке ишкер Мирлан Күлбаевдин салык боюнча ар биринин дээрлик 1 млрд сомдой карызы бар.