«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды - ММБФ

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров “Эйр Кыргызстан” компаниясы банкрот болгонун маалымдады.

Бакиров жыйында аталган компанияга карата Жогорку соттун чечими чыгып калганын айтты.

“Эйр Кыргызстан” банкроттук деп табылды, андыктан мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан алынып салынды”, – деди ал.

Эске салсак, 2021-жылы УКМК 100% акциясы мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКсында коррупциялык фактыларды аныктаган. Эсеп палатасынын кызматкерлери авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3.1 млн доллар зыян келтирилгенин жашырышкан.

2016-жылдын аягынан тарта компания финансылык кыйынчылыктарды баштан кечире баштаган. 2017-жылдын күз айларынан тарта авиакомпаниянын иши рентабелдүү эмес деп табылгандыктан, өздүк каттамдары токтотулган.

Белгилей кетсек, комитеттин жыйынында «2023-2025-жылдарга КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу» жана «КРнын Жогорку Кеңешинин мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.