«Кыргыз кашемир» компаниясы топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты

“Кыргыз кашемир” компаниясы Бишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) маалымат кызматы билдирди.

Цехте USAID аркылуу АКШ өкмөтүнөн берилген жаңы жабдуулар коюлган. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүп, Кыргызстандан кашемирди экспорттоону көбөйтүүнү көздөп жатат. Натыйжада, жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөт.

“Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарынын жашоочуларынан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үй-бүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт”, – дейт “Кыргыз Кашемир” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек.

“Кыргыз Кашемир” ишканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизмекчи.