Салык кызматы Ошто Ишкерлерди тейлөө борбору ачты

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши аймактагы бизнес-климатты жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.