«Бай-Түшүмдөн» дагы эки жетекчи кетти

«Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын эки мүчөсү апрель айынын ортосунда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан. Алар Мухамед Джумалиев менен Канат Курманов. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Мухамед Джумалиев «Бай-Түшүм» ишканасынын бизнести колдоо боюнча директору, Канат Курманов кредиттик тобокелдиктер боюнча директор болуп иштеген.

Белгилей кетсек, банктын акцияларынын контролдук пакети Жумабек Салымбековго өткөндөн бери бир айга жетпеген убакыттын ичинде кредиттик мекемеден төрт топ-менеджер кеткен.

Банктын акциялары Салымбековго сатылгандан кийин дароо «Бай-Түшүм» банкынын башкармасынын төрагасы жана башкы менеджери Максатбек Ишенбаев кызматынан кеткен. Ал эми 3-апрелде директорлор кеңешинин мүчөсү Лида Вардания отставкага кетти.