2022-жылы «Манас» эл аэропортунун таза кирешеси 4.5 млрд сомду түздү

2022-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 4.5 млрд сом таза киреше тапты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Такталгандай, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 3.5 млрд сомду түзүп, киреше 28.2%га өстү. 2023-жылдын 25-апрелинде өткөн акционерлердин жылдык жалпы чогулушунда таза пайданын 30%ын дивиденддерди төлөөгө чегерүү чечими кабыл алынган. 1 акцияга 47.8 сом төлөнөт. Дивиденддерди төлөө 2023-жылдын 1-августунан тарта башталат.

Бүгүнкү күндө биржада «Манас» эл аралык аэропортунун 1 акциясы 850 сомдон сатылууда.