«Манас» аэропортунун туунду компаниясы жаңы күйүүчү май куюучу комплекстинин курат

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын туундук «ИНТЕК» компаниясы жаңы күйүүчү май куюучу комплекстин курулушун баштайт. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Жаңы комплекстин курулушу сакталуучу авиа күйүүчү майдын көлөмүн 1125 м3 дан 8000 м3 чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Бул аба кемелерди авиа күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кыйла жогорулатат жана өндүрүштүк ишмердүүлүк үчүн шарттарды жакшыртууну камсыз кылып, объекттеги коопсуздук менен экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат.

Долбоор «ИНТЭК» ЖЧКсынын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.