УКМК «Ош» базардагы орундар мыйзамсыз сатылып кеткенин аныктады

«Ош» базарында жайгашкан «Кыял» мамлекеттик ишканасында коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, андагы орундар мыйзамсыз негизде ижарага берилип келген. Сот органдарынын чечиминин негизинде аталган жайда тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада мыйзамсыз ижарага берүү, коммерциялык-өндүрүштүк жайларды расмий каттоосуз $12 миң сатуу фактылары катталган.

«Кыял» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алгандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда.