Улуттук банк үч коммерциялык банктарынынын башкармалыгына талапкердерине макулдуугун берди

Улуттук банк үч коммерциялык банктарынынын башкармалыгына талапкердерине макулдуугун берди. Бул тууралуу КРУБнун расмий сайтында жарыяланды.

Такталгандай, Улуттук банк «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Бектур Алиевдин талапкерлигине 2023-жылдын 4-майында макулдугун берди.

Ошондой эле «Керемет банктын» директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Нурдин Самаковдун талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды

«БАКАЙ БАНК» ААКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Гюльшат Асылбаева талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алынды.