> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык компания АКШнын санкциясына кабылды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/05/20/kyrghyzstandyk-kompaniia-akshnyn-sanktsiiasyna-kabyldy/
- Published: 2023-05-20T06:30:31.000Z
- Updated: 2023-05-23T04:42:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын бир компаниясы АКШнын санкциясына кабылды. АКШнын Юстиция министрлиги аны Россиянын аскердик жана коргонуу тармагына жардам берген юридикалык жактардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет. Компаниянын аты айтыла элек.**

Reuters белгилегендей, АКШ 19-майда Россияга карата экспорттук чектөөлөрдү кеңейтти. Алар эл керектеечу товарлардын кенири ассортиментин камтыды. Тактап айтканда, кеп курамдык бөлүктөрү аскердик максатта колдонула турган буюмдар: кийим кургаткычтар, кар тазалагычтар.

Ошондой эле 71 компания айтылган чектөөгө кабылды: Россиядан 69, Армениядан бир жана Кыргызстандан бир компания. Алардын баары, АКШ бийлигинин айтымында, РФнын коргонуу жана аскердик секторуна санкцияларды айланып өтүүгө жардам берет. Компаниялардын аттары айтылган эмес.