Минкаб мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгат

Министрлер кабинети мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгат. Бул тапшырманы Финансы министрлигинде жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров берди.

Ошондой эле, мамлекет акционердик коомдордун ишине көзөмөлдү күчөтөт.

Эске салсак, жыйындын жүрүшүндө I жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишмердүүлүгү талкууланды.