Кыргызстанга кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясы келди

Кыргызстанга кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясы республикадагы инвестициялык климатты изилдөө максатында келди. Алардын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушуу тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин жана Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү секторлоруна инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Кувейт инвестициялык компаниясы Кыргызстандагы инвестициялык климатты изилдөөгө кызыкдар, бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштардын чыңдалышына алып келиши мүмкүн. Эки тарап тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө даярдыгын билдиришти», - деп маалымат кызмат белгиледи.