Банктарга ишеним жогорулагандыктан тармак тез өнүгүп жатат – Акылбек Жапаров
Кыргызстандын банк сектору калктын ишеним деңгээлинин жогорулашынан өнүгүп жатат. Бул тууралуу 25-майда Бишкек эл аралык форумунун (BIFF 2023) жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, геосаясий окуяларга байланыштуу дүйнөлүк экономикалык туруксуздукка карабастан, банк системасы туруктуу ишин көрсөттүү. Муну банк секторунун туруктуу көрсөткүчтөрү тастыктап турат.
«Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 2022-жылдын аягына карата 204 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 12.2%га өстү. Ошону менен бирге, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 39.5%га өсүп, 340 млрд сомго жакынды түздү», - деди Жапаров.
Вице-премьер-министр кошумчалагандай, бул калктын банк секторуна жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнө ишеними өсүүдө.