Кытай минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушун толугу менен каржылап берет

Кыргызстандагы минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушун толугу менен кытай тарап каржылап берет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

«Завод минералдык жер семирткичтерди чыгарат. Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди ташып келерин эске алып, керектүү бөлүгү Кыргызстанга калтырылат. Калганы экспортко чыгарылат», - деди министр.

Жер семирткичтер 2025-жылдан баштап чыгарылат.