«Кыргызалтын» I-чейректе 150 млн сомдук киреше тапты

2023-жылдын 1-кварталында «Кыргызалтын» ААКнын кирешеси 150 млн сомду түздү. Бул тууралуу ишкананы маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бюджети 137.6 млн сомго толукталды, анын ичинен Соцфондго 15.5 млн сом төлөндү.

Эске салсак, 2022-жылы ишкана 42 млрд сом пайда менен чыкты. Бул көрсөткүчтөр былтыр Кумтөр кени «Кыргызалтындын» башкаруусуна өткөн менен байланыш.