Кыргыз ишкерлери үчүн Кытай акысыз кампа берет
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, Кашкар шаарынын айыл чарба, өндүрүш жана соода тармактарын кыдырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.
Иш сапардын жүрүшүндө Кашкар Эркин экономикалык аймактан Кыргызстандын ишкерлери үчүн алты айга акысыз кампа бериле турган болду. Мындай мүмкүнчүлүк кыргыз ишкерлеринин кытай базарына адаптация болгонго чейин түзүлдү.
Бакыт Төрөбаев ошондой эле, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында, ачылуу алдында турган «Кыргыз почтасы» ААКнын кеңсесине барды. Анда Кашкар аркылуу Кытай менен түз почта алмашуу жүргүзүлөт. Кеңсе ачылгандан тыртып кыргыз ишкерлери товарларын Кытайга экспорттоосу жогорулайт.