Ишкерлерди колдоо алкагында 3.5 млрд сомго кредиттер берилди

Кыргызстандын «жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо» долбоору ишке ашырыла баштагандан бери КР Финансы министрлиги ишкерлерге 3 млрд 460 млн сом пайызсыз насыя берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын февраль айынын башынан бери 6 миң 151 ишкерге материалдык жардам көрсөтүлгөн. Долбоор 2027-жылга чейин созулат.

Микро, чакан жана орто ишкерлер үчүн насыянын көлөмү категорияларына жараша 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин жетет. Насыяны үч айлык жеңилдетилген мөөнөт менен 36 айга чейин алууга болот.