КРУБ «Бакай банктын» жетекчилигине сунушталган талапкерге макулдугун берди

КРнын Улуттук банкы «Бакай банк» ААКу тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган талапкерине макулдугун берди. Маалымат банктын расмий сайтында жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, КРУБ Тимур Ибрагимовдун талапкерлигине макулдугун берди. Чечим 2023-жылдын 26-майында кабыл алынган.