> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монголия жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүштү ачууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/biznes/2023/06/01/mongholiia-zhundu-kaira-ishtietuu-boiuncha-birghielieshkien-ondurushtu-achuugha-kyzykdar/
- Published: 2023-06-01T05:00:59.000Z
- Updated: 2023-06-01T05:01:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Монголиядагы жер семирткичтерди өндүрүү боюнча «Монпелетс» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

Маалыматка ылайык, завод койдун жүнүн кайра иштетип, жер семирткичтерди өндүрөт. Компаниянын ээси Баянжав Цогбадрах министрге ишканадагы калдыксыз өндүрүш технологиясы тууралуу кеңири айтып берди. Цогбадрах мырза ошондой эле кыргыз бизнеси менен кызматташууну, анын ичинде Кыргызстандын аймагында биргелешкен өндүрүш ачуу мүмкүнчүлүгүн колдоого даяр экенин билдирди.

Жаныбеокв белгилегендей, жүндү кайра иштетүү жана жер семирткич өндүрүүнү өнүктүрүү Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн стратегиялык мааниге ээ.

> «Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги бул долбоорду ар тараптуу колдоо жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр. Инфраструктураны түзүү жана биргелешкен өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн кызыкдар тараптар менен, анын ичинде бизнес-коомчулуктун жана илимий мекемелердин өкүлдөрү менен консультациялар жана талкуулар өткөрүлөт», — деп Жаныбеков убаадалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347405184_699406811951340_4102361407682875604_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347581566_989567195381086_8087809365660514661_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347634569_995802061431523_1272085219059252610_n-1.jpg)