Жеке ишкер Нарында 80 млн сомдук жарым олимпиадалык бассейнди курууга даяр

Нарын шаарында заманбап шарттары менен жарым олимпиадалык бассейн, ден соолукту чыңдоо борбору салынат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Белгиленгендей, курууга «Хан-Тенгри» мейманкана жана ресторандар түйүнүнүн ээси Таалай Карпеков 80 млн сомду сарптоого даяр. Азырынча «Хан Тенгри-АКВА» долбоору боюнча атайын эл аралык консультанттардын кеңеши менен иштер алынып барылууда.

Белгиленгендей, акыркы үлгүдөгү, жашыл технологияны колдонуп, эл аралык стандарттар менен курулган бассейнде эң негизгиси суунун тазалыгын жана жылуулугун камсыздоо ыкмалары колдонулат.

Эс алуунун популярдуу ыкмаларын базасын камтыган бассейнде ден соолукту чыңдоочу, жуунуу, тамактануучу жайлар (массаж, туздуу блоктор, хамам мончосу, SPА- салону, кафетерий) болуп, заман талабына шайкеш шарттарды түзүү пландалууда.

Жарым олимпиадалык бассейндин узуну 25 метр, 5 жолдуу болуп, сууга сүзүү боюнча чоңдор жана балдар үчүн тренерлеринин сабактары уюштурулат. Күнүгө 200 адамга чейин кабыл алууга ыңгайлашат жана тейлөөчү адистер атайын окутулуп, даярдалат.

Курулуш 2023-жылдын июль айынан баштап, бүтүү 2024-жылга пландалып жатат.