«Дос-Кредобанктын» 85 млн сомдук «жашыл» облигацияларынын алгачкы чыгарылышы катталды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы «Дос-Кредобанк» ААКсынын 85 миң нускадагы «жашыл» облигацияларынын биринчи чыгарылышын каттады.

Маалыматка ылайык, чыгарылган баалу кагазадрдын суммасы 85 млн сомду түздү. Облигациялар жашыл долбоорлорду каржылоо максатында чыгарылды.

Ошондой эле, чыгарылыштын алкагында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар (долбоорлор) аныкталган:

· «жашыл» жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен экологиялык жактан таза материалдардан үйлөрдү жана жайларды куруу;

· ар кандай «жашыл технологияларды» жеңилдетилген шарттарда киргизүүдө ишкер аялдарды жана жаштарды колдоо аркылуу айыл чарбасы;

· экологиялык таза транспорт, электромобилдерге заряддоочу түзүлүштөрдү орнотуу.