> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/biznes/2023/06/07/kyrghyzstanda-zhany-turisttik-obiektilier-uch-zhylgha-salyktan-boshotulushu-mumkun/
- Published: 2023-06-07T11:50:00.000Z
- Updated: 2023-06-08T08:01:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы ачылган туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Туризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова билдирди.**

Адистин айтымында, мында кеп жаңы мейманканаларды, тоо-лыжа базаларын, туристтик жана этнокомплекстерди салыктан бошотуу тууралуу жүрүүдө.

> «Туристтик объектилерди курган ишкерлерди жок дегенде алгачкы үч жылда салыктан бошотуу боюнча сунуш бар. 2024-жылдан тарта биз муну жасай алабыз деп ишенем. Министрдин өзү бул демилгени колдоду», - деди Кенжематова.

Департаменттин жетекчиси ушундай эле тажрыйбаны коңшу Өзбекстан колдонуп келерин кошумчалады.