Ozon июль айында Кыргызстандын рыногуна кирүүнү пландап жатат

Ozon интернет-дүкөнү Кыргызстанда 2023-жылдын июль айынан баштап товарларын сата баштайт. Бул тууралуу россиялык ТАСС агенттиги компаниянын өкүлү Сергей Гончаровго шилтеме менен билдирди.

«Июль айында Кыргызстандын рыногуна, күзүндө Армениянын рыногуна чыгабыз», - деди Гончаров.

Эске салсак, 2022-жылдын декабрында «Озон» интернет-дүкөнү Бишкекте өкүлчүлүгүн ачып, ушул жылдын башында жергиликтүү ишкерлерден россиялык сатып алуучуларга товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу үчүн сорттоочу борборду ишке киргизген.