> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуу Британиянын бизнеси КР менен кызматташууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/biznes/2023/06/07/uulu-britaniianyn-bizniesi-kr-mienien-kyzmattashuugha-kyzykdar/
- Published: 2023-06-07T10:40:18.000Z
- Updated: 2023-06-08T07:58:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуу британия бизнесмендер үчүн атайын преференцияларды берүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемасын киргизүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугуу учурунда Улуу Британиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун билдирди.**

Такталгандай, бул схема тарифтерди төмөндөтүүнү, өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн товарлардын келип чыгуу эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Улуу Британияга товарлардын 99% алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Бул жолугушуу эки тараптуу кызыгууну жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даярдыгын баса белгилеп, ошондой эле кыргызстандык ишкерлер үчүн өз продукцияларын Европа рыногуна экспорттоо жаатында кошумча перспективаларды берди.