Улуу Британиянын бизнеси КР менен кызматташууга кызыкдар

Улуу британия бизнесмендер үчүн атайын преференцияларды берүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемасын киргизүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугуу учурунда Улуу Британиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун билдирди.

Такталгандай, бул схема тарифтерди төмөндөтүүнү, өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн товарлардын келип чыгуу эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Улуу Британияга товарлардын 99% алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Бул жолугушуу эки тараптуу кызыгууну жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даярдыгын баса белгилеп, ошондой эле кыргызстандык ишкерлер үчүн өз продукцияларын Европа рыногуна экспорттоо жаатында кошумча перспективаларды берди.